АктуалдууТагдыр

Үсөн: Энени периште дешет, бирок менин энем периште эмес…

Биздин AibekNur.kg маалымат порталыбыздын email дарегине Үсөн аттуу окурманыбыз кат жолдоду. Анда ата-энесине болгон таарынычы менен арманы баяндалган. Бул катты бир дем менен окуй турган болсоңуз, жүрөгүңүз ооруп, көзүңүзгө жаш тегерене түшөт.

Эгер сиздин да жан адамга айтпаган сырыңыз болсо, аны ким бирөө менен бөлүшө албасаңыз, бирок ушундай бирөөгө айтып жеңилдеп алууну кааласаңыз, анда nurlanov.ai@mail.ru почта дарегине кат жазыңыз. Сиздин кат текшерилип, оңдоп-түзөлгөндөн кийин жарыяланат жана анонимдүүлүк сакталат!

AibekNur.kg — Саламатсыздарбы?!! AibekNur.kg маалымат порталына жарыяланган ар бир адамдын катын калтырбай окуп келем. Мен дагы сиздерге кат жолдоону эп көрдүм…

Ачыгын айтсам, кайда, качан төрөлгөнүмдү билбейм. Мен ата-энем деп эсептеп жүргөн адамдар мени багып алышкан экен. Укканыма караганда төрөлгөн күнүмдү өзгөртүп, документтиме бир жыл кеч же эрте жаздырып алышыптыр.

Ооба, бакма бала экенимди өтө кеч билдим. Түшүнөсүздөрбү…. мындай кабарды угуу — чоң сокку болду. Баардыгы мага жат көрүнүп, эч бирөө менен катташкым да, катышкым да келбей жүрөт. Андан бери жыл айланса да, оор депрессиядан дагы деле чыга албай кыйналып келем. Жашоом караңгыга чулганып, туңгуюкка киргенин бир да жан сезбеди. Ал аз келгенсип, менин дарегиме чын-жалган аралаш ушак-айың, жалаалар жабылды.

Мен ар бирине «Жок андай болгон эмес, аныгында мындай болгон» деп актангым келбейт. Жакын досум «Жөн гана унчукпай коюу жетиштүү, адамдардын алдында эмес, Кудайдын алдында таза болсоң болду» деп кеңеш берди.

Азыр ойлоп көрсөм, бала кезимден бери ар кимге (атамдын туугандарына) жек көрүндү болуп чоңойгонумдун себеби «чоочун адам» экенимде экен. Канча көз жаш төгүп, канча азап тартып чоңойсом да, эч бирине нааразы болуп, алар жөнүндө жаман айтпадым. Болгону ичимден «Кудайга койдум» дедим… Кызыгы бакма экенимди баары билип, ушунча узак жылдар бою бир гана менин билбегенимде…

Менин чыныгы ата-энем ким экенине кызыкпайм да, ким экенин сурабайм. Азыркы тапта ата-энелер жөнүндө чыгармалар, баяндар айтылса негедир башкача болуп кетем. Көзүмдү жумуп, кулагымды тумчулайм. Ата-эне деген сөздү такыр уккум келбейт…

Энени периште дешет, бирок менин энем периште эмес. Анткени, ал мени төрөөр менен таштап кетти. Периште болсо, баласын таштамак эмес. Баласы өлсө кошо өлмөк, баласы ыйласа кошо ыйламак, баласы кубанса кошо кубанмак… Периште түгүл, ит дагы баласын таштабайт!

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү