Айбек NEWSАктуалдууСаясат

Бийликтин баркын билбеген президенттер

кыргызстан желек

2005-жылдын 24-мартында “Жоогазын” төңкөрүшүнөн кийин чет өлкөгө качып кеткен Кыргыз Республикасынын мурунку президенти Аскар Акаев чындыгында кандай инсан болгон? Ал эми “Акаевдин каталарын кайталабайм” деген ант менен тактыга олтурган Курманбек Бакиевдин доору кандай өттү?

Андан кийинки президенттер Алмазбек Атамбаев менен анын кан досу Сооронбай Жээнбековдун тиреши бийлик талашуудан келип чыкканбы? Учурдагы жаңы президент Садыр Жапаров кандай жол менен бийликке келди жана мурункулардын тагдырын кайталабайбы?

Эгемендүү Кыргызстандын келечегине ким балта чапкан? Мына ушул жана башка соболдордун тегерегинде кеп козгойбуз.

Кыргызстанды ала салдырган Акаевдер

Макалабыздын негизги мазмунуна сүңгүп кирүүдөн мурун Аскар Акаевдин кыскача өмүр таржымалына сареп салсак.

Акаев Аскар Акаевич 1944-жылы 10-ноябрда азыркы Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Байрак айылында карапайым үй-бүлөдө жарыкка келген.

Бала кезинен тарыхка өзгөчө кызыгып, атүгүл келечекте тарыхчы болууну максат да кылып коюптур. Бирок анын мындай тилеги 6-класска барганда, тагыраагы, ошол жылы окутула баштаган физика сабагынан улам орундалбай калган. Бул илим аны баш-оту менен өзүнө тартып кеткен. Бүтүрүү экзаменин тапшыруу кезинде Аскар Акаев химия боюнча лабораториялык тажрыйба жүргүзүп, комиссия мүчөлөрүнүн оозун ачырган.
Окумуштуу, физик болууну эңсеген боз улан 1961-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктап, билим алууга баш калааны көздөй сапар тартат. Ал кездин шартына ылайык, окууга тапшыраардын алдында эмгек тажрыйбасынан өтүү керек болчу. Ушунун айынан Аскар Акаев эмгек жолун «Фрунземаш» заводунда ширетүүчү болуп эмгектенүүдөн баштаган. Эмгек стажына ээ болгон соң алгач Фрунзедеги политехникалык институттун механика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, бир жыл өткөндөн кийин бул окууну таштап коёт. Анткени, койгон пландары өзгөрүп кеткен.

1962-жылы Ленинграддагы Так механика жана оптика институтуна тапшырат. Институтту кызыл диплом менен бүтүргөн соң ошол эле окуу жайда аспирантурага калып, 27 жашында кандидаттык диссертациясын жактайт. Бул диссертация тууралуу илимий чөйрөдө кызуу талкуу жүрүп, ошол кезеңде  «Вечерний Ленинград» гезити “Илимге ар тараптан өнүккөн, абдан таланттуу жаш окумуштуу келди» деп жазып чыккан. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш окумуштуу 34 жашында 1981-жылы техникалык илимдер боюнча доктордук диссертациясын Москва шаарында жактаган.

Москва жергесинде бүлө күтүп, эки балалуу болгондон кийин мекенге кайтып келип, Фрунзедеги политехникалык институтка кенже ассистент болуп кызматка кирет. Акаев бир нече жыл боюу илимий иштер менен катар институтта окутуучулукту да аркалаган. 1989-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти болуп шайланат.

Илимдер академиясын бир жыл жетектеген илимпозду 1990-жылдын 12-октябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйынында мамлекеттин президенттигине шайлашып, бийликтин бийик сересине зоболото чыгарышат. Андан көп өтпөй бир жылдан кийин эле 1991-жылдын 12-октябрындагы жалпы элдик шайлоодо Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын тунгуч президенти болуп шайланган. Беш жылдык мөөнөтү бүткөндөн кийин 1995-жылдын 24-декабрында кайрадан президенттикке өз талапкерлигин коюп, бул ирет да атаандаштарынан алга озуп чыгып, экинчи мөөнөткө ажо болуп калат.

Физик-окумуштуу Аскар Акаев президенттик бийликке Михаил Горбачев башында турган расмий Москванын жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кош колдоосу менен күтүүсүздөн такка олтурганы бүгүнкү күнгө дейре айтылып да, жазылып да келет. Буга биринчи баскычта президенттикке талапкерлер Апсамат Масалиевдин, Апас Жумагуловдун, Жумгалбек Аманбаевдин жетиштүү деңгээлде добуш топтобой калышына Чыңгыз Айтматовдун сунуштан баш тартышы себеп болгон.

Бүгүнкү күндө айрым саясий серепчилер Ч.Айтматовдун президент болбой калганы жакшылыктын жышааны болбогонун баса белгилеп келишет. “Эгер Айтматов президент болуп калганда Кыргызстан өнүгүп кетпесе да, бүгүнкү кыйын кырдаалга тушукпайт эле” дешет. А кээ бир саясий серепчилер, Айтматов саясатка мурдун салбай өз жолу менен кеткени туура болгонун баса белгилешет.

Аскар Акаев эгемен өлкөнү туура 15 жыл башкарып, бийликке нааразы болуп толкуган элге ээ боло албай 2005-жылы Россияга куйругун карматпай качкан.

Жалпыга маалымадоо каражаттарына берген маегинде «Кээде саясатка келгениме өкүнөм. Анткени ал кезде илим менен көп ийгиликтерди багынтып келе жаткан кезим болчу. Эгер ошол багыт менен кете бергенимде, балким, баары башкача болмок беле деп калам. Бирок баары бир тагдырдан качып кутулуу мүмкүн эмес да» деп айтканы бар.

2005-жылдагы парламенттик шайлоодо Бермет Акаева жетектеген “Алга, Кыргызстан” партиясынын көпчүлүк мандатка ээ болушу, Курманбек Бакиев баштаган Бириккен элдик кыймылындагы, Роза Отунбаева баштаган “Ата журт” блогундагы таасирдүү оппозициялык саясатчылардын мандаттан куру жалак калышы элдик толкундоолорду күчөтүп, ал 24-мартта тунгуч президентти бийликтен кулатууга чейин жеткен.

Аскар Акаев элди кууп, таркатканга аракет кылганы менен ок аткан жок. Кийинчерээк үй-бүлөсү н сүйрөй Россияга баш калкалап кетишинин себебин дал ушул элди кагылыштардан сактап калуу максаты менен байланыштырган.

Москвага качып кеткени менен жалгыз легитимдүү бийлик деп Жогорку Кеңешти эсептеген Аскар Акаев бийликти өткөргөнгө шашкан жок. Ал учурда постреволюциялык башаламандык, морадерчулук күчөп, оппозиция бийликти башкарууга укуксуз болуп, кулаган бийлик тушунда куралган Жогорку Кеңеш алапайын таппай, Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы абалы туңгуюкка кептелип турган.

Иштеп жаткан Баш мыйзамга ылайык президент өзүнүн мөөнөтүнөн мурда отставкага кетерин парламенттин сессиясында жарыялашы керек болчу. Акаевдин жагдайында Жогорку Кеңеш президенттин расмий кол коюлган арызынын негизинде гана чечим кабыл алууга укуктуу. Ушундай жагдайда Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттык комиссия (Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Каныбек Иманалиев, Кубанычбек Жумалиев, Ташкул Керексизов ж.б.) узак сүйлөшүүлөрдөн соң Москвага барып, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин имаратында Аскар Акаевдин кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызын жаздырып, эл аралык нормалардын сакталышы тууралуу протоколду кабыл алып кайтышкан.

Ал чакта Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсүнүн алдында аларга карата козголгон кылмыш иштердин айланасында узак мөөнөттүү териштирүүлөр, уулу Айдар Акаевди, күйөө баласы Адил Тойгонбаевди жазалоо тууралуу өкүмдөр, Майрам Акаевага “Мээрим” фондунун иши боюнча жаңы териштирүүлөр күтүп турган. Андан бери беш жолу бийлик алмашканы менен Акаевдердин кылмыш иштерине байланышкан териштирүүлөр дагы деле уланууда. Аскар Акаев өзү узак жылдан бери Кыргызстанга каттоого моралдык укук ала албай келе жатат.

Аскар Акаевдин өз каалоосу менен кызматтан кеткендиги тууралуу Москвадагы элчиликте олтуруп жазган арызын Жогорку Кеңеш апрель айында мыйзамдаштырып бергенден соң Курманбек Бакиев адегенде убактылуу өкмөт башчы, июль айында президент болуп шайланды.

“Акаевдин каталарын кайталабайм” деген ант менен тактыга олтурган Курманбек Бакиев

Курманбек Бакиев убагында Аскар Акаевдин алдыңкы кадрларынан болгон. Өкмөт башчылыкка 2000-жылы дайындап, 2002-жылы элге каршы ок атылган Аксы окуясы боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында сынга кабылып, отставкага кеткен. Акаев менен мамилеси да ушул кезеңде бузулган. Октябрь айында Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан депутат болуп шайланып, 2004-жылы Акаевдин саясатына каршы түзүлгөн Бириккен элдик кыймылдын лидери болуп калган.

Акаевге каршы күчтөрдү бириктирген бул кыймылдын башында таасирдүү саясий идеологдордун бири, кийин Бакиевдин администрациясын башкарган Үсөн Сыдыков жана Аксы окуясынын баш каарманы Азимбек Бекназаров турган. Бакиев бийликке келгенден кийин миссиясын өтөп бүттү деген негиз менен кыймылды таратууну сунуштап, лидерликтен баш тарткан.

Бакиев мамлекетти үй-бүлөлүк башкаруудан арылтуунун жолун Баш мыйзамды реформалоодон көргөн. Конституциялык жаңы реформа эки жылга созулуп, 2007-жылдын 21-октябрында элдик референдум аркылуу кабыл алынган.

“Акаевдин каталарын кайталабайм” деген ант менен тактыга олтурган Курманбек Бакиев тарыхта эки жолу шайланган, бирок күч менен кулатылган экинчи президент болуп калды. Артында мамлекеттик башкарууну үй-бүлөлүк башкарууга айырбаштаган, кылмыш чөйрөсү менен коюн-колтук алышкан, март ыңкылабынын жеңиштерин уурдаган, кан төккөн канкор президент деген жаманаттыда калды.

Буга биринчи кезекте Бакиевдин март ыңкылабы аркылуу бийликке жеткирген саясий санаалаштарын оолактатып, эки тизгин бир чылбырды балдарына, бир туугандарына оодаргандыгы себеп болгон. Коомчулуктун сынына Бакиев парламент трибунасында жооп берип жатып, “Бир туугандарымды эми Айга учуруп ийемби?” дегени алигиче ылакап болуп келе жатат.

Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүн бийликке аралаштыруу аракети президент болуп шайлангандан кийинки учурга туш келет. Адегенде президенттик шайлоодогу тандемге ылайык өкмөттү башкарып калган Феликс Куловдун сунушу аркылуу улуу баласы Маратты Коопсуздук кызматынын төрага орун басарлыгына дайындаган.

Негизгиси — Бакиевдин иниси Жаныш менен уулу Максим Кыргызстандагы эң таасирдүү фигураларга айланганы. Адегенде Коопсуздук комитетинин төрага орун басары, андан кийин мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы болуп турган Жаныш Бакиев, Кыргызстанды өнүктүрүү фондун, андан кийин жаңы түзүлгөн ЦАРИИни башкарып калган Максим Бакиев эбегейсиз бийлик укуктарына ээ болгон. Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандан соң Максим ири суммадагы акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу, тышка чыгарып кетүү, чайкоочулук өңдүү аракеттери боюнча узак мөөнөттүү соттук жараяндар эл аралык териштирүүгө чейин жеткен.

Расмий бийлик ээси Курманбек Бакиевге таасир этүү жагынан Жаныш менен Максимдин ортосундагы тымызын атаандаштык тууралуу коомчулукта кеңири талкуулар жүргөн.

Коомчулукта Бакиевге катуу каяша айтып отставкага кеткен, Жогорку Кеңештин төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаевге каршы жасалган “матрешкагейт” иши, эркин журналист Геннадий Павлюктун, президенттик администрациянын мурдагы башчысы, “Ак жол” партиясын уюштуруучу, кийин Бакиевдерге каршы күрөшкө аттанган Медет Садыркуловдун, Эл аралык стратегиялык институттун директору Сергей Слепченконун өлтүрүлүшү сыяктуу иштердин артында Жаныш Бакиев турат деп эсептелген.

Бакиевдин бийлигинин тушунда киши өлтүрүүлөр кадыресе көрүнүшкө айланган. Киши колдуу болуп өлгөндөрдүн арасында депутаттар Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев, Тынчтыкбек Акматбаев, каскадер Үсөн Кудайбергенов, спортчу Раатбек Санатбаев, кылмыш чөйрөсүнүн төбөлү Рысбек Акматбаев болду.

Мындай көрүнүштөрдөн улам Бакиевдин бийлигине каршы оппозициянын аракети кайра жанданды. “Реформа үчүн” кыймылына бириккен парламенттеги оппозицияга кийин премьер-минстрлик кызматынан сыйда сүрүлгөн эки премьер-министр Феликс Кулов менен Алмазбек Атамбаев да ыктады.

Бакиевдин кулатылышына тышкы фактордун да таасири болду. АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасын кетирүү боюнча Россияга 2009-жылдын 3-февралында берген убадасын Бакиев аткарбай, базаны жүк ташуучу базага айландырып, калтырып койду.

Кийинчерээк ошол кездеги президент Дмитрий Медведев «Бакиевдин бийлиги мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыздоого жөндөмсүздүгүнөн кулады» деп айтты. Владимир Путин болсо Акаевдин жаңылыштыгын кайталаганын айткан жайы бар. Россиянын мындай маанайын кийинки президент Алмазбек Атамбаев өз кызыкчылыгына пайдаланып, АКШ базасын кетирүү аркылуу Россиянын ишенимине киргени бар.

Ошентип, Бакиев 2010-жылы 7-апрелде кулатылды. Ала-Тоо аянтына келген митингчилерге каршы атылган ок 90го жакын кишинин өмүрүн алды, октон жараат алгандар алардын санын кийин дагы көбөйттү.

Апрель окуясы боюнча козголгон кылмыш иш боюнча Курманбек Бакиев сотто башкы күнөөкөр катары таанылып, сыртынан өмүр боюу абак жаза чектелди. Анын бийликке аралашкан баардык калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн көпчүлүгү сыртынан кесилип, Кыргызстандан тыш жерде качкында жүрүшөт.

Бакиев учурда үй-бүлөсү менен Беларуста жашайт, айрым маалымат булактарында Беларус жарандыгын алгандыгы айтылып келет.

Беларус президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын качкын президентин жеке достук мамиле боюнча эле кабыл алганын комментарийинде айтканы бар. Чындыгында расмий жарыяланбаганы менен, Бакиевди Беларуска жайгаштырууга стратегиялык өнөктөш өлкөлөр – Россиянын Казакстандын лидерлери Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаевдин, АКШнын кийлигишүүсү, ЕККУнун ортомчулугу болгондугу тууралуу чындыкка өтө жакын маалыматтар айтылып келе жатат. Бул аракет Кыргызстандагы башаламандык кеминде кош бийлик орношун шартташы, анын өнөктөш өлкөлөргө таасири өңдүү ички жана тышкы тобокелдиктерге байланышкан.

Анткени, бийликтен кулатылгандан кийин Курманбек Бакиев ошол кездеги мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев баштаган тарапкерлеринин коштоосунда Ошко барып, ал кездеги элдик губернатор Сооронбай Жээнбеков баштаган апрелчилердин ортосунда тиреш пайда болгон.

Ошентип, Бакиев кызматтан кетүү арызын Беларуска кетердин алдында Казакстандын тышкы иштер министринин жана ЕККУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда Ош шаарында 15-апрелде жазып, кол коюп бергенин кийин Бакиевди коштоп жүргөн тарапкерлери билдиришкен. Бул Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мамлекетти андан ары башкаруусуна жол ачкан.

Бирок Курманбек Бакиев кийинчерээк Беларуста президенттиктен баш тартуу тууралуу арыз куралчан төңкөрүшчүлөрдүн басымы аркылуу жазылганын, андай бийликти тааныбай турганын билдирип, 7-апрелдеги кандуу окуяны убактылуу өкмөткө жүктөгөн.

Акаевдер менен Бакиевдер Кыргызстанга келе алышабы?

Эл арасында Акаев менен Бакиевдерди колдоп, Кыргызстанга кайтып келүүсүн каалагандар жок эмес. Анткен менен элдин басымдуу бөлүгү Кыргызстанды бүгүнкү ит ыйлаарлык абалга алып келип, сызга олтургусуп кеткен качкын президенттердин кайтып келүүлөрүн каалашпайт.

Качкын  президенттер буга чейин  качандыр бир кезде мекенге кайтып келүү ниети бар экенинин айтышканын айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан.

Роза Отунбаеванын бийликке келиши

2010-жылдын 7-апрелинде Бакиев доорунун кайгылуу бүтүшүнөн кийин оппозиция биринчи декрет менен Убактылуу өкмөт түзүп, Роза Отунбаеваны анын төрайымы, 19-майда кезектеги декрет менен 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөөл президент деп дайындаган. Бул дайындоо Баш мыйзамды кабыл алган 27-июндагы референдум аркылуу бекемделген болчу.

Роза Отунбаева бийликтин жоопкерчилигин апрель ыңкылабында эски бийлик кулап, токсонго жакын киши окко учуп, бийликке жаңы келаткан оппозиция туңгуюктан чыгуунун жолун издеп жаткан кыйын кырдаалда алды. Отунбаеванын Убактылуу өкмөтү жүздөгөн кишинин өмүрүн алган, миңдеген кишилерди жабыркаткан Ош, Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек коогалаңын, жеңилген саясий күчтөрдүн ачык жана көшөгө артындагы каршылыктарын башынан кечирди.

Отунбаева президенттик тактыны шайлоодо жеңип чыккан Алмазбек Атамбаевге 2011-жылы 1-декабрда расмий эрежелерге ылайык өткөрүп берген. Бул Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы тынч жол менен бийлик алмашуу болгон.

Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөн соң, кийинки Президенттик шайлоодо Атамбаев күтүлгөндөй эле КСДПнын атынан өзүнүн «1995-жылы табышкан досу Сооронбай Жээнбековду» чыгарып, “Соке досум” деп кайра-кайра мактап-жактап аягына чейин сүрөдү. Ал муну менен өзүн бийликти мыйзамдуу жол менен өткөрүп берген президент катары даңазалоого аракет жасады.

Ишенген досун түрмөгө түрткөн Жээнбеков

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланды. Ал — КСДПнын башатында тургандардын бири. 1995-жылдан баштап Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, төрага орун басары, комитет төрагасы болгон. Апрель ыңкылабынан кийин Ош облусуна элдик губернатор болуп, андан кийин расмий дайындалган. 2015-жылдын декабрынан баштап​ беш ай ичинде үч кызмат которуп, өкмөт башчылыкка келген.

Президенттикке талапкердигин КСДП көрсөтүп, Алмазбек Атамбаев баштаган тарапкерлери сүрөп, натыйжада 54.76% добуш менен марага жеткени белгилүү. Инаугурациясы Ала-Арча резиденциясында чакан, тандалма чөйрөдө өтүп, кезинде Кыргызстанда тынчтык жолу менен бийлик өткөрүүгө чыйыр салган тарыхый окуя катары сыпатталган. Сооронбай Жээнбеков мурдагы бийликтин «көчүн» улантарын убада кылып, эң алгачкы жарлыгы менен Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз эл баатыры” наамын ыйгарган. Бирок мындай ызаат көрсөтүүлөрдүн мааниси бат эле жокко чыкты.

Тилекке каршы, бийликти колуна алган Сооронбай Жээнбеков достуктун шертин бузуп, Алмазбек Атамбаевди жарга такады. Бир жылдан ашык касташкан достордун мамилеси Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажырашы, камалышы, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаевди бошотуудагы коррупциялык иштер, кан төгүлгөн Кой-Таш окуясы өңдүү жоон топ оор кылмыштарга айыпталышы менен аяктады.

Ошентип, Сооронбай Жээнбековдун мамлекетти алгачкы эки жылдык башкаруусу эки баскычка – мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камалганга чейинки жана андан кийинки деп бөлүндү.

Чет өлкөлүк маалымат каражаттар саясат айдыңында жүргөндөр жалпы коомчулуктун табигый таанымына ээ боло элек саясатчыны өз кызыкчылыгы үчүн күч менен алып келип алуудан сокку жеген Атамбаевден сабак алышы керек деп жазып чыгышты.

Жапаровдун жолу кандай болот?

Бийликтин баркына жетпеген Сооронбай Жээнбеков деле жакшылык көрбөдү. Дегенибиз, 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл эртеси «Ала-Тоо» аянтына митингге чыккан. Акцияга оппозициялык маанайдагы саясий лидерлер менен биргеликте он миңге жакын киши чогулган.

6-октябрга караган түнү митингчилер менен милициянын ортосунда кагылышуу болгон. Натыйжада Үмүт аттуу боз улан каза болуп, миңге чукул киши жабыркады. Митингге чыккандар парламенттин имаратын басып алган соң, Алмазбек Атамбаев жана башка саясатчылар менен катар абакта жаткан Садыр Жапаровду да бошотушкан.

Садыр Жапаров абактан Ала-Тоо аянтына чыгып келип, элди тычтыкка чакырган. Эки сааттын ичинде рейтингги көтөрүлгөн Садыр Жапаровду митингдин катышуучулары президент болуусун каалашкан.

6-октябрда БШК ага чейин болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгын аргасыздан жокко чыгарган. Ошол эле күнү кечинде парламент премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка колдоп беришкен. Ушул эле күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон митингчилер тарабынан бошотулган саясатчылар кайрадан камала баштаган.

Бирок айрым депутаттар аталган жыйын легитимсиз болгонун айтып, Жапаровду премьерликке бекиткен чечимди жокко чыгарууну талап кылып чыгышкан. Анткен менен 14-октябрда Жогорку Кеңеш кайрадан жыйынга чогулуп, Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын бекитип берген. Ошол эле күнү Сооронбай Жээнбеков өкмөттү дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Ал эми 15-октябрда президенттин кызматтан кетишин талап кылган митингчилердин акциясынан улам эл үмүтүн актай албаган Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

2021-жылдын 20-январь күнү болуп өткөн президенттик шайлоодо 79,2 % менен Садыр Жапаров жеңип чыккан. Президенттин инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн.

Эми башкы суроо, буга чейинки президенттердин басып өткөн жаңылыш жолдору Жапаровго сабак боло алат болду бекен?


Булак: AibekNur.kg

Макаладагы айрым маалыматтар «Спутник Кыргызстандан» жана «Азаттыктан» алынды.

4 Комментарийлер

  1. Баарына наалат Кыргызстандын келечегине балта чабышты. эми жапаров ондоп кете алаар бекен

  2. ушундайлар да болот экен. Кудайдан кантип коркушпайт?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү