Айбек NEWS

2004-жылкы кызды 17 эркек зордуктаган

AibekNur.kg — Майып кызды топтошуп зордуктагандардын саны 17 адамга жеткен, алардын арасында үй-бүлөрлүүлөр дагы бар экени ачыкталган. Бул тууралуу Турмуш.кж сайты жазып чыкты.

Маалыматта, окуя Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда катталган. Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан маалыматтардын электрондук журналына​ ​ катталган материал келип түшкөн. Анда Бишкек шаарынын №6 төрөт үйүнө Бакай-Ата районунун 2004-жылкы тургун 37 жумалык кош бойлуу Т.С. түшкөн.

Бул боюнча кылмыш иши катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. ​Ошондой эле жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза​ дайындалып, ​анын кимден кош бойлуу болгондугун аныктоо максатында иш-чаралар жүргүзүлүлүүдө. Ал эми сурак учурунда жабырлануучунун таэнеси жээни анын карамагында болгонун, ошондой эле жээнин айыл балдары топтошуп зордуктаганын айткан. Ошондой эле кыздын жанында жарым жылаңач эркектерди кармап калганын да билдирген. Жээнинин акыл эси кемдигинен улам пайдаланып, кордошконун билдирүү менен акыйкат териштирилсе деп билдирет. Топтошкон зордукчулардын арасында үй-бүлөсу барлары да аныкталган.

Тилекке каршы бул иш ачыкталса да иш ордунан жылбай бир да күнөөкөр жазасын ала элек.

«Жээнимдин иши милицияда төрт айдан бери жатат. Жыйынтыгы жок. Күнөөкөрлөрдүн бири да кечирим сурап келген жок. Айылдаштар бул иш тууралуу: «Таенеси акча алып, ишти жаап койду» деп айтып жатышат. Кудай алдында мен бирөөдөн да бир сом алган жокмун. Мен алардын толук жазаланышын каалайм. Учурда тергөөдө 17 эркек сурак берип жатат. Милицияга телефон чалып сурасам эле, «Убара болуп келбеңиз. Биз экиден сурап жатабыз» деп коёт. Экспертиза Бишкектен келет деген. Ал дагы 4 айдан бери белгисиз. Учурда жээнимди төрт айлык наристеси менен өзүм багып жатам», – деп айласы кетип мыйзамдын иштебегенине нааразы болгон 65 жаштагы таэне шуу үшкуруп отурат.

Ал эми бул боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүнкү күндө тергөө иштери аягына чыга электигин, экспертизалар дагы толук даяр боло электигин, тиешелүү балдар сурак берип бүтө электигин билдирди.

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү