АктуалдууИнтервью

Жолдошбек Маматкулов: Ата-энемди уят кылып алуудан корком

Жаңыдан аты чыгып келе жаткан жаш диджей, алып баруучу, актёр жана модель Жолдошбек Маматкулов менен кызуу баарлаштык. Эмесе, кызыктуу маекке көңүлүңүздү бурабыз.

— Жолдошбек, кайсыл жактын кулуну болосуз, балалык курагыңыз кайда өттү?

— «Дос тапкың келсе эмгекке, келе бер биздин Лейлекке» демекчи, киндик кан тамган жерим алыскы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Көк-Таш айылы.

Ооба, балалыгым Көк-Ташта өттү. Тунук суусун ичип, топурагына бөлөнүп чоңойдум. 2004-жылы айылыбызда жайгашкан Баба Саттаркулов орто мектебинин босогосун аттап, 2015-жылы аяктадым. Жогорку билим алуу максатында баш калаага келип, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин актёрдук өнөр бөлүмүнө тапшырдым. Кудайым буйруп, быйыл ийгиликтүү бүтүрдүм. Ачыгын айтсам, абдан сүйүнүп жатам…

— Кубанычыңызды тең бөлүшөбүз! Эми үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз…

— Өзүмдүн үй-бүлөм менен абдан сыймыктанам. Атам Улукбек, апам Ырызван дүйнөдөгү эң жакшы, эң мыкты инсандар. Ата-энем беш баланы татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткиришти. Үй-бүлөдө ошол беш баланын эң кичүүсүмүн. Агам Чыңгыз, эжелерим Гүлжамал, Нуржамал, Турсунай жана жээним Мухаммедали. Ата-энем, бир туугандарым бар абдан бактылуумун.

Үйдө эң кенжеси болгонумдуктан, абдан эрке чоңойдум. баары мени дагы эле жаш баладай көрүшөт. Окуумду ийгиликтүү бүтүрүшүмө үй-бүлөмдүн салымы чоң.

— Көпчүлүк угармандар, көрөрмандар кубулжуп чыккан үнүңүздү жакшы көрүшөт. Үнүңүздү кантип тарбиялайсыз?

— Үнүмдү тарбиялабайм. Муздак суусун деле, жылуу суусун деле ичи берем.

— «Аккан арыктан суу агат» демекчи, каныңызда да таланттуулар барбы?

— Албетте, кан болбосо бул нерсе кайдан дейсиз?!! Атам жакшы ырдайт. Экөөбүз кошулуп алып, обон сала берчүбүз. Тайкелерим, тайжелерим да таланттуу адамдар.

— Чыгармачылыктын чыйыр жолуна кантип түшүп калдыңыз?

— Бала кезимде радиону көп укчумун. Анан күзгүнүн алдында туруп алып, «Саламатсыздарбы урматтуу теле көрүүчүлөр?» деп сүйлөй бермей адатым бар болчу. Кийин шаарга келгенимде бир кастингге барып калдым. Ошол жерден таланттуу жигиттердин арасынан тандалып алынып, радиодо иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андагы өз ишин мыкты билген ага-эжелеримден көптү үйрөндүм. Кийинчерээк, окуума байланыштуу радио чөйрөсүнөн алыстап калдым.

— Эсте калган кызыктуу окуялардан айтып бериңиз…

— Апам гүл өстүргөндү жакшы көрөт. Бир жолу асманга булуттар көгөрүп, топтолуп калды. Апам «Жамгыр жаайт окшойт, роза гүлдү суук уруп кетпесин, жерге тамырын бекитип койчу» деп гүлдү карматса, мен тамырын асманга каратып көмүп коюп, уруш уккам🤣.

— Эмнеден коркосуз?

— Ата-энемди уят кылып алуудан корком. Атам менин чыгармачылыгымды ар дайым колдойт. Көп нерсени апама айтпай, атам экөөбүз өзүнчө чечип алабыз. Кудайым буйруса, ата-энемдин ак эмгегин сөзсүз актайм. Алган билимимди жерге таштабайм.

— Сыр болбосо, алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Жакынкы аралыкта Москва шаарына билим алуу максатында жөнөп жатам. Билимимди тереңдетип келип, кыргыз маданиятына өз салымымды кошсом дейм.

— Маегибиздин соңунда эркин сөз берели…

— Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ардактуу ата-энеме, билим берген мугалимдериме жана мени ар дайым колдогон жакындарыма, досторума терең ыраазычылык билдирем. Эл менен биздин ортобузга көпүрө болуп берген сиздерге да ырахмат!

— Ар дайым ийгилик коштосун! Биздин кеңсеге бат-бат келип туруңуз!

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү