АктуалдууИнтервью

Төлөгөн Касымбековдун жубайы көчөдө массажист болуп иштөөчү беле?

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын кызматкери, “Токтогулдун 150 жылдыгы”, “Тоголок Молдонун 100 жылдыгы” төш белгилеринин ээси, кыргыздын улуу жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун жубайы Касымбекова Элмира Токтакуновна менен маектештик.

“Адабий китептерди окуп чоңойдум…”

— Мен карапайым үй-бүлөдө төрөлүп, чоң ата-чоң энемдин колунда өстүм. Агам менен эжем ата-энемдин колунда болчу. Мен төрөлгөндөн кийин чоң атамдар ата-энеме “Силер жаш үй-бүлөсүңөр, кызыңарды бизге берип, иштегиле” деп багып алышкан экен. Жыйырма бир жашка толгонумда чоң энемдин көзү өтүп кетти. Балалык чагымды азыр эске салсам, чоң энем эртең менен эрте таң атпай тургандан баштап, каш карайганга чейин жан тынбай, убакыт тиричилик үстүндө өтөөр эле. Көмөч казанга камырды салып, анын үстүн дагы бир көмөч казан менен жаап, чокко айланган эки көңдүн ортосуна коюп нан бышыраар элек. Ошол кездеги нандын даамы алиги күнгө чейин таңдайымда. Азыр андай нанды бир да жерден көрбөдүм, бир да жерден татпадым. Ата-энем намаз окушчу. Апам кийинчерээк оорусуна байланыштуу токтотуп калды. Бала кезимен эле адабиятка кызыгып, адабий китептерди окуп чоңойдум. “Токтогул ким?” деп суроо бергенинде, “Токтогул демократ акын” деп жооп узатаар элек. Азыркы айрым жаштар андай залкар инсандын жашап өткөнүн деле билбей калышты.

“Кырк жашар келин керек…”

— Кудайдын каалоосу экен, айтылуу залкар жазуучу, кыргыз эл баатыры Төлөгөн Касымбековго нике буйруптур. Экөөбүз тең үч уктасак түшүбүзгө кирбей турган тагдырды күттүк. Бул туурасында кийин каткырып күлүп, бир топ убакытка чейин баарлашып калат элек. Ал киши “Сени мага буйруганына, мени сага буйруганына ыраазымын” деп көп айтып калчу. Биринчи турмушуман калган он бир жашар кызым менен келдим. Ал кезде чачым узун эле. Бир күнү “Маралдай буралган асыл затсың, бирок атыңа затың жарашпайт экен” деп калды. Суроолуу караганымда, “Атың орусча Элмира, маралдай суналган келиндин атын Акмарал деп эле койбойт беле” дегенинде, “Ошол кезде Элмира деген ыр чыгып, ушул ысым мода болгон экен” деп күлүп жооп узаттым. Анан ал “Акмарал” деген ысым ыйгарып, кези келсе ошентип чакырып кала турган. Кийинчерээк журналистер арасында “Элмирага ыраазымын, мага көп жакшылык кылды. Элмиранын артынан көп ийгилик жаратып келе жатам. Таянар тоом, ишенгеним ушул. Эми муну Акмарал эмес, Элимай деп атайм” деп күлүп калды. Ошондо биз Таш-Көмүрдөн бир-эки күндө келгенче, бул окуя гезиттерге чыгып кетиптир. Анын байбичеси дүйнө салып кеткен экен. “Атабыздын жакасын кирдетпей багып, компьютерин басышып, жардамдаша турган кырк жашаар келин керек” деп балдары териштирип, издей башташат. Тигини көрсөтүшөт, муну көрсөтүшөт, анын бирин да жактырбай коёт. Муну мен кийин билдим. Агайыңардын мурунку жубайы үч бир тууган болуптур. Үчөө тең кыз болуп, ата-энеси уул күтүп, кичүүсүн Адаш деп коюшат. Арадан көп өтпөй, Адаштын атасы өтүп кетет. Ошо менен үч бир тууган калган экен. Ошол Адашка үйлөнүп, андан беш уул, бир кыздуу болот. Адаш биринчи турмушунан курсактагы баласы менен келип, уул бала төрөгөн экен. Ал баласы алты жашка чыкканда кара сарык оорусуна чалдыгып, чарчап калыптыр. Т.Касымбеков экөө бактылуу өмүр сүрүшөт. Кийин жубайы отуз жылга жакын ооруп, дүйнө салыптыр. Ошондон кийин тууган-уругу анын экинчи кайнежеси Жакейди эле алып алуусун сунушташат. Анын да жолдошу каза болуп, беш баласы менен жесир калган экен. Аны уккан Т.Касымбеков так секирип, макул болбой коюптур.

“Жашы өтө улуу, кереги жок!”

— Кийинчерээк Т.Усубалиевдин кадры Күмүшай эже “Агай, сиздин кириңизди жууп, чайыңызды кайнатып берээр бирөө керек. Антпесе жүдөп, озуп кеттиңиз” дегенинде Т.Касымбеков агайыңар: “Эми… сен да карай жүр” деп коёт. Күндөрдүн биринде баягы эже “Төлөгөн аке, сизге ылайык бирөө бар. Сексендеги кемпирди жашартып койгондой, мастен кемпир. Жашы отуз төрттө” деп күчөтмө сөз менен тамашалай түртө мени сунуштаптыр. Муну уккан ал так секирип, “Ой кой, ошондой да болмок беле?!! Жинди улактай секирген жаш кыз мага жубай болуп бере албайт” деп баса бериптир. Ал эже мага да учун чыгарып айтканында асман-айдан кетип, “Жашы өтө улуу, кереги жок!” деп кеп-сөзгө келбей дароо баш тартып, ыйлаган элем.

«Өз келининен тебетейин ала албай калып…»

— Арадан жыл айланып, кайра мени “Кырк жаштагы бир келин бар, ошону бир көрбөйсүзбү” деп сунуш кылышат. А дегенде эле “Ата-энеси бар неме бекен?” деп собол салып, аларды биринчи көрмөк болот. Эң улуу уулу Райханды бир кементай менен суусар тебетей алып кел деп үйүнө жумшаптыр. Келини “Атам аны эмне кылат экен?” деп бербей коёт. Райхан аялы Датканын үйдө жок экенин айтканында, бербей койгонун түшүнүп, баласын “Кыял” базарына айдатып келип, ал жактан керектүүсүн сатып алып, ата-энемдин үйүнө жөнөйт. Убагында “Өзүмө белекке келген тебетей, кементайды өзүм келинимен ала албай койдум. Келин деген кыйын болот турбайбы ай…” деп күлүп айтып калаар эле. Анан жолдон “Уулум, эгер кыз көңүлүмө толсо, ойдогудай чыкса мен сага ишаарат кылам. Ошондо сен дароо буларды машинеден алып келе кал. Эгер көңүлгө толбосо, алып түшпөй эле кой. Бир аз сүйлөшөбүз да, кетип калабыз” деп айтат. Келген мейманды үйдөгүлөр жакшы кабыл алып, жылуу тосуп алышат. Адеп атам экөө аркы-беркиден кеп кылып, бир далайга сөз курушат. Атам күн-түн дебей көмкөрөсүнөн жата калып, үнүн чыгарып китеп окуган жан эле. Башкасын таштаса да, китебин таштоочу эмес. Жазуучу менен бирге анын чыгармаларын бир далайга талкуулап олтурушат. А сааттын жебеси алга жылып, айлана берет. Апам улам-улам ысык чайын жаңыртып келип, тамактын түрүн киргизип турат. Буттун учу менен мелтирей акырын басып, ары-бери кирип чыкканын билгизбей, кез-кезде гана “Чайдан алыңыз” деген апамды көз кыйыгы менен улам карап, сынап олтурат. Алардын сөзүн бөлө жарып, кийлигишпеген апама таң берет. Абышкасына деле “Мейманга сөз бер, ал-бул…” деп деле айтпайт. Абышкасы деле аны карабайт. Баягылар “Сынган кылычты” жиликтеп, автор менен окурман сүйлөшкөнчө куда тоскондой дасторкон үстү бир заматта ар түрдүү тамак-ашка толуп кетет. Байкап отурган Т.Касымбеков “Бул жатындан эркек чыкса дагы, кыз чыкса дагы жаман чыкпайт, мен ушуга токтолом” деп ичинен өзүнө-өзү айткан экен.Үйдүн тазалыгын, ар жак-бер жагын байкаган соң “Кандай экен?” деп баласына караганда, уулу “Жакшы” деп жооп берет. Бир убакта абышка кемпирине бурула карайт, ошондо да кемпири үн көтөрбөй, тек гана “Мейманга сөз бериңиз” дегендей көзүн балбылдатып, жылмайып коёт. Аны дароо байкап, “Байбиче, ысык чайыңдан берегой” деп улуу жазуучуга карап, “Келгениңизге жол болсун!” дейт. Агайыңар атамдын ушул сөзүн өмүрү өткөнчө айтып, ичи чыга ыраазы болуп жүрүп кетти. Көрсө, ал киши ушундай нукура улуу сөздү сагыныптыр. Ошондо “Сиздерде кыз бар экен…” деп сөз баштаганда, атам уулуна сурап жатат деп ойлоптур. Кийин ага эмес, өзүнө сурап жатканын билгенде чоочуп кетип, тилден калган экен. “Жок” же “ооба” деп да айтпай, “кың” этпей мелтиреп гана олтура берет. Сөздү ары айлантып келип айтат, бери айлантып келип айтат, акыры айласы кетип, Курманжан Даткага токтолот. “Кечки саат сегиз болуп бара жатат, бул киши кызын берчү түрү жок, бирок алышым керек” деген чечимге келет. “Эми аксакал, мен Курманжанды жазган кишимин… Сиздин кызыңызды андан ашырса ашырам, бирок кем кылбайм. Аялдык үчүн же кызмат үчүн, ал болбосо акчага көөп да алып жаткан жерим жок… Мен ал мезгилден өтүп кеткем, сиздин кызыңызды кеңешчилик үчүн алып жатам” деп жоопкотуп сөз айтып, баласын акырын карайт. Баласы үстөлдүн астынан колу менен “Мыкты” деп ишаарат кылат. Жазуучу уулуна жооп кылып, “Мага да жакты” дегендей бармагын соройтуп, белги берет.

“Атам алаканын жайып…”

Ошондо атам байбичесин карап, “Ыя кемпир, эмне кылалы?” же “Кызымдын оюн угалы” деп да айтпай, меймандан көзүн албастан өөдө карап, алаканын жайып, “Алдыма сиздей адам келип турса мен жок дебейм. Бак даарысын, кыдыр жылоолосун!” деп ак батасын берип салат. Жазуучу уулун жанагы кийитин алып кел деп жумшайт. Алып келгенден кийин кементайын жаап, тебетейин кийгизет. “Бул эмне?” деп сураганында, “Бул биздин таанышканыбыз үчүн жолдук” деп жооп берет. Атам күйөө баласынан кичүү эле. Күйөө баласы “Эми аксакал, ушул жуманын аягында алып кетем” деп айтып, мени бир да ирет көрбөй туруп тойду сүйлөшүп, макулдашып кетет. Ал кезде мен отуз беш жашта элем. Атам чыныгы эркек эле. Үй-бүлөнүн түркүгүн кармап өттү. Анын сөзү биз үчүн мыйзам болчу. Мен “Ага тийбейм” деп ыйлап-сыздасам деле болмок, бирок, бизде тартип күчтүү эле. Ошол себептен, карыш үн көтөргөн жокмун. Биз “Калп сүйлөбө! Жамандык кылба! Бирөөнүн эмгегин жебе, бирөөгө эмгегиңди жедирбе!” деген ураан менен жашачубуз. Акылман атамдын берген тарбиясын азыр балама колдоном.

“70 жашында компьютер үйрөндү”

Кийин жазуучу сүйлөшүлгөндөй 2001-жылы 21-ноябрда мени үйүнө алып келип, ошол күнү эле молдо чакыртып нике кыйдырды. Ошондо жүзүн караганга дааган жокмун, колун гана көрүп, өйдө карагандан ыйбаа кылып турдум. Ал болсо “Теги жакшы жерден кыз алдым” деп сүйүнүп олтурган экен. А менде кайдагы сүйүнүч, тескерисинче “Улуу курактагы адам менен кандай турмуш болоор экен” деген түпөйүл ой жеп, коркуу сезими коштоп турду. Менин түбүмдү чечмелеп, “Улуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун тукуму турбайсыңбы” деп айтып кала турган. Сынчы Кадыркул Даутов кара шляпаны баса кийип алып, никебиздин күбөсү болуп олтурган. Кийин убакыттын өтүшү менен ымалабыз келишип, бакытка балкып жашадык. Ак батасына арзыдым. 2002-жылы сентябрь айында уулдуу болдук. Компьютер колдонгонду үйрөткөнүмдө катуу сүйүнүп, “Кыргын” романын өзү терип жазды. 70 жашында аны он күндүн ичинде үйрөндү. “Кыргыз Эл баатыры”, “Ак шумкар” жана көптөгөн сыйлык-наамдардын ээси Т.Касымбеков Женеванын кызыл китебине кирген. Ага Кыргызстандан агайыңардан башка эки эле киши түшкөн.

“Бир апта бою таарынып жүрдү…”

Залкар агайыңарды өмүрү өткөнчө атынан айтпай, “сиз” деп кайрылдым. Балалуу болгонубуздан кийин “атасы” деп кайрылууга өттүм. Кээде ал да мени эркелетип, “апасы” деп чакырып калаар эле. Узак жыл бирге жашап, бир ирет гана мага таарынганы болбосо, кер-мур айтышып, урушкан жокпуз. “Кыргын” романын жазып бүтүп, “Окурмандык көз карашыңды айтчы” деп бир сыйра окутту. Аны окуп бүтүп, абдан жакшы жазылганын айттым. “Ката бар бекен?” дегенинде, адеп мен катасын издеп таппадым. Анан бир саамда “Атасы, мобурекини окуп чыктым, мен үчүн баардыгы жакшы. Бирок, бул бечара үтүр караар-коргоору жок жетим бекен?.. Үтүрдү ченемсиз коё берипсиз, окурманды өтө тажатып, көңүлүн бөлүп коёт экен, аёого салып, кайра бир көз чаптырыңызчы” десем, “Бул кандай сенин пикириң?” деп ачуусу келип карады. “Ушунча жашка келип, бирөөдөн мындай пикир укпагам” деди. “Апей, бул бечара үтүрдү бир аз азайтсаңыз ырас болчудай бул чыгарма, болбосо окурманды тажатып ийет” десем бир жума тилден калып, сүйлөшпөй койду. Келип сакалынат алат, зыңкыйып кийинет, “Келиңиз атасы” деп тамагым берем, ичкен соң баласын өөп-жыттап “Кагылайын, мен кеттим, азыр келем” деп кетет, балам талпынып аны карап калат, айтор, ушинтип жүрдү. Бир күнү оозгу бөлмөдө колун артка алып алып тынымсыз ары-бери басып жүрө берди. Анан таарынычы тарап, “Чын эле сенин айтканың туура экен” деп үтүрлөрүн азайтып чыкты.

“Сандырак кептер артыбыздан калбай самсыды…”

Улуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков жашоодо башка, чыгармада таптакыр бөлөк адам. Анын бир күндүк жашоосун бир томдук китепке батыра албайбыз. Эл оозунда элек жок экен, убагында биз жөнүндө өтө жийиркеничтүү, жүрөк оорутаарлык ушак-айыңдар тарап, агайыңар өлөөр-өлгөнчө байма-бай гезит-журналдарга чыгып жүрдү. Бул кишинин көрө албаган менчик душмандары, атаандаштары көп эле. “Жаш аял алды”, “Көчөдөн массажист келинди таап алыптыр”, “Ойношу экен, ошону алыптыр” деген төбө чачты тик тургузаар укмуш макалалар гезиттерге тараган. Мындайды көрбөгөн жаным “Эмчектеги Асылтайымды алып алып, төркүнүмө кетем” деп нечен ыйладым. Ошондо да жарыктык киши чөкпөй, кайра мени жооткотуп, “Кой антпе, мен мындайдын далай белесинен ашкам, мен өлгөндөн кийин да мындай сөздөр токтобой айтыла берет, жазыла берет. Сен ошого даяр бол! Касымбековдун аялы деп сага да өлөөр-өлгөнчө жармашат” деп акылын айта турган. Анын тарбиясы менен алиги күнгө чейин жашап келем. Анын үнү кулагыма кадимкидей бүгүнкү күнгө чейин угулуп турат.

“Жайдын саратанында өлөм” деп айтчу

Ал киши менен он бир жыл өмүр сүрдүм. Он бир жылдын бир мүнөттү текке кеткен жок. Түнү таң сөгүлгөнчө сүйлөшөөр элек. Бир саамда мен “Ачка болуп кеттим. Бир нерсе жейличи” дейм. Анан ал “Мейли, чайыңдан бер” дей турган. Экөөбүз ашканага кирип алып, тамакты кайра ысытып, чай кайнатып калаар элек. “Менин жашоомду сен билбесең ким билет?!! Сен менин ишенимдүү адамымсың. Кийин мен жөнүндө балама айтып бересиң” деп башынан өткөн окуяларын, жан адамга айтпас сырын айтып берсе, угуп алып ыйлап чыгаар элем. Ал кеп козгогондо дагы укмуш көркөмдөп, уккулуктуу кылып айтып берчү. Азыркы тапта агайыңар экөөбүз жана мурунку турмушу туурасында тогуз жылдан бери “Өткөн өмүр, көргөн күн” романын жазып келе жатам. Бул романдын башын өзү баштап, аягына чыкпай өтүп кетти. өмүрүнүн акыркы күндөрүндө “Мен жайдын саратанында өтөм, жети күн төшөктө жатам” деп айтчу. Мен тамашалап айтып жатат го деп ойлочу элем, бирок анын айтканы туура чыгып, 2011-жылдын 16-июнунда оорудан улам көз жумду. Азыркы тапта ал инсан бассам-турсам көз алдымда, ой-санаамда жашап келет. Бар өмүрүмдү ушул адамга арнадым.

Булак: AibekNur.kg

Эскертүү: AibekNur.kg маалымат порталынын макалаларын колдонууда башына шилтеме берилип, маани маңызы өзгөрбөөсү кажет. Ошондо гана колдонууга уруксат берилет. Баардык укуктар толугу менен корголгон.

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү