АктуалдууИнтервьюШоу-бизнес

Ан Джэ Хён: Жылдыз болгондон да адамдык сапатты сактап калуу маанилүү!

Толук аты жөнү – Ан Джэ Хён;
Кесиби – Актёр, модель;
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары;
Туулган күнү – 01. 07. 1987;
Жарандыгы – Корей мамлекети;
Бою – 188 см;
Салмагы – 67 кг;
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү;
Тартылган тасмалары – “Жылдыздан келген адам”, “Үйлөнүү той библиясы”, “Моданын падышасы”, “Ханыша жана төрт сакчы” ж. б.

Ан Джэ Хён бала чагында өтө олуттуу мүнөзгө ээ болгон. Мектеп жашынан тарта ал ар кыл ийримдерге бара баштаган. Ошол кезден баштап, анын чыгармачылык ышкыбоозу ойгонгон. Ага ошондо эле моделдик жаатта эмгектенүүгө сунуш түшүп, ал бул сунушка макул болуп, иштеп калат.

Ан Джэ Хён 23 жаш курагында жол кырсыгына кабылып, көп убакыт бою дарыланган. Ал ооруканада жаткан кезинде, өзүнүн келечеги туурасында көп ойлонуп, моделдик жаатта гана эмгектенүүнү чечкен. Көп өтпөй, ал моделдик агентикке кайрадан жумушка кирип, 2009-жылы брэнд кийимдерди жарыялаган. Ошондон баштап, аны көп белгилүү адамдар таанып, өз чөйрөлөрүнө тарта баштаган.

Ли Мин Хо: “Тасма учурунда бир же эки саат гана уктаган күндөр болот”

Кино тасмаларга, жарнамалык роликтерге, журналдарга бир нече сунуштар түшүп, алардын баарына макулдугун берип, күнү-түнү уйку көрбөй иштөөгө туура келген. Эгер, баш тарта турган болсо, анда азыркы жетишкендиктеринен куру жалак калмак. Ан Джэ Хён ал туурасында буларга токтолгон:

“Мени ушунча даражага жеткирген ата-энеме ырахматымды айтам! Алардын эмгегине тете иш жасай албасам да, болгон күчүмдү жумшап жатам. Кичине кезимден көп ийримдерге катыштырып отуруп, менин дүйнө таанымымды кеңейтип, акылымды эрте бышырышты. Балким, ата-энем менин келечегиме кайдыгер карашса, азыркы күндө мен ким экенимди, эмне менен алектенип жүрөөрүмдү элестете албайм.

Ата-энелерден суранаарым, “Балдардын келечегин, бала курсактагы кезден баштап ойлонгула” дээр элем! Ал эми жаштарга айтаар кеңешим, кайсыл чөйрөдө болбогула, биримдиктүү иш алып баргыла. Ошондо гана ийгилик сизге жылмаят. Жылдыз болгондон дагы, адамдык сапат – маанилүү экендигин унутпайлы!..”

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү