АктуалдууТагдыр

Нурпери: Мурунку күйөөм жаңы турмушумду бузуп жатат

Биздин AibekNur.kg маалымат порталыбыздын email дарегине Нурпери аттуу окурманыбыз кат жолдоду. Анда мурун ажырашып кеткен жолдошу жаңы турмушуна кийлигишип, тынчтык бербей жаткандыгы жазылат. Нурпериге болгон кеп-кеңешиңизди комментарийге калтырсаңыз болот.

Эгер сиздин да жан адамга айтпаган сырыңыз болсо, аны ким бирөө менен бөлүшө албасаңыз, бирок ушундай бирөөгө айтып жеңилдеп алууну кааласаңыз, анда nurlanov.ai@mail.ru почта дарегине кат жазыңыз. Сиздин кат текшерилип, оңдоп-түзөлгөндөн кийин жарыяланат жана анонимдүүлүк сакталат!

AibekNur.kg — Мурун бай адамдын уулуна турмушка чыккам. Атасы чоң кызматта иштейт. А уулу болсо (мурунку жолдошум), бизнес менен алектенет.

Канат экөөбүз бири-бирибизди жактырып турмуш курганбыз. «Бай жигитке турмушка чыксам, бактылуу жашап кетем» деп ойлогом, бирок андай болбоду. Жыл айланып кыздуу болдук. Башында баары жакшы болчу. Бирок сюрприздер алдыда күтүп жаткан экен.

Соңку күндөрү жолдошум командировкага көп кетчү болду. Кээде жумалап жоголуп кетет. Чалсаң өчүк, интернетке да кирбейт. Дайыма «Эмне ишиң бар? Иштеп жатамбы, курсагың ток, кийимиң бүтүнбү жата бер да» деп кыйкырып кутулчу. Бир күнү адатынча кызуу келип, эрте уктап калды. Телефонун акырын алып, ачып карасам көп кыздар менен сүйүү катын жазышыптыр. Арасында уят жазышуулар да бар эле. Телефонун ордуна коюп, кызымды көтөрүп алып башка бөлмөгө барып жаттым. Түнү таң сөгүлгөнчө уктай албай, көзүмдүн жашын он талаа кылып боздоп чыктым. Арадан эки-үч күн өтүп, дагы эки күнгө жоголуп кетти. Кийин келгенинде чай үстүндө суроо бердим.

— Канат, кайда жүрдүң?

— Эмне болуп кетти?

— Билем… сени канча айдан бери кайда барып, эмне кылып жүргөнүңдү.

— Билсең эмне сурап жатасың?

— Жашасак жөн жашайлы, болбосо мага талак бер. Мындан ары чыдай албайм.

— Жыргап жашай бербейсиңби, эмне жетпейт сага?

— Канат, түшүнөсүңбү?.. Кеп акчада, кеп байлыкта эмес. Мен аялың катары жаныңда эркелеп жатып, мээримиңе сугарылгым келет. Кучагыңда алсыз болуп, сага ишенип, сага гана берилгим келет. Сенин сүйүүңө зармын. Мен сени эч ким менен бөлүшкүм келбейт…

— Ырахмат де үйгө келип жатканыма. Калганы менин ишим, кийлигишчүү болбосо. Болбосо…

— Болбосо эмне? Анда талак бер мага!

— Талак! Талак! Талак! Мен сени сүйбөйм уктуңбу? Эртең менен чыгып кет! — деп үйдөн кетип калды. Жерге бүгүлө түшүп, өпкө-өпкөмө тийбей ыйлап жаттым. Көз жашка муундум…

Ошентип арадан эки жыл өттү. Жолдошум кызым экөөбүздүн артыбыздан келбеди, кабарлашпады. Эки жылдан кийин кызымды апама тыштап, Москва шаарына мигрант болуп келдим. Ушул жерден Абайга жолугуп, аны менен сүйүү мамилемди баштадым. Өтө жөнөкөй, адамгерчиликтүү жигит экен. Абай эки айдан кийин эле үйлөнүү сунушун киргизди. Апам менен кеңешип, анын кеңешин алгандан кийин ага турмушка чыгууга макул болдум. Той деле өткөргөн жокпуз. Тойго кетирчү акчага бизнес ачууну туура көрдүк. Москвадан арендага чакан кафе алып, иштете баштадык. Бир жыл ичинде аябай байып кетпесек да, бутубузга туруп кеттик. Кызымды да жаныма алып алгам. Абай менен кызым чыныгы ата баладай. Бирин бири катуу жакшы көрүшөт. Чыныгы аялдык бакытты Абай тартуулай алды.

Соңку айда жашоомдо Канат кайра пайда болуп, коркутуп-үркүтүп, жашообузга тынчтык бербей келет. Бир нече жолу милицияга кайрылдык. Андан деле майнап чыкпады. Жүрөктүн жарасы эми айыгып бара жатканда мурунку жолдошум кайрадан жашоомду бузабы? Эмне кылам?

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү