Айбек NEWSАктуалдууСпорт

Кыргызстан медалдар жарышынан 5-орунду ээледи

AibekNur.kg — Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты соңуна чыкты. Ага катышкан 27 өлкөнүн ичинен Кыргызстан медалдар жарышынан 5-орунду ээледи.

Алдыңкы орундарга ири держава аталган өлкөлөр көтөрүлгөн.

  • Иран — 7 алтын, 3 күмүш, 3 коло;
  • АКШ — 5 алтын, 5 күмүш, 5 коло;
  • Япония — 5 алтын, 3 күмүш, 4 коло;
  • Россия — 4 алтын, 5 күмүш, 9 коло;
  • Кыргызстан — 2 алтын, 2 күмүш, 2 коло.

Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан бир күмүш, бир коло медалы менен 15-орунда турат. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан, Кытай чемпионатка катышкан эмес.

Кыргызстан намысын коргогон балбандар кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло жана грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль утуп келди.

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү