АктуалдууТаржымал

Таалайбек Мырзабаевдин өмүр таржымалы

Эскертүү: Макала «Эмгегим эл үчүн» тарыхый энциклопедиясынан алынды! Макаланы шилтемесиз колдонууга тыюу салынат! Баардык укуктар корголгон!

AibekNur.kg — КРнын Билим берүүсүнүн отличниги, КРнын Президентинин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан “Кыргызстандын алтын фонду” китебине кирген өмүрү өрнөк мугалим Мырзабаев Таалайбек Мырзабаевич 1969-жылы 10-февралда жөнөкөй жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

1976-жылы Сары-Дөбө айылындагы орто мектепке кабыл алынып, 1986-жылы ийгиликтүү “эң мыкты” деген баалар менен аяктаган. Мектепти аяктаган соң, дароо эле баш калаада жайгашкан И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун “Башталгыч класстарда окутуунун педагогикасы жана методикасы” факультетине тапшырып, 1994-жылы жигердүү бүтүргөн.

Алгачкы эмгек жолун өзү туулуп-өсүп, өзү билим алган орто мектепте улуу пионер вожатый болуу менен баштаган. Институттан алган жогорку билими менен жогоруда аты аталган мектепте азыркы күнгө дейре башталгыч класстын мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

1996-жылдан тарта 2011-жылга чейин бир эле кезеңде башталгыч класстын мугалими жана мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары болуп 15 жыл иштеди. Мектепте иштеп баштагандан бери окуучуларга терең билим жана татыктуу тарбия берүүнүн үстүндө көп иштерди алып келе жатат.

Мугалимдик кесибинде чыгармачылык менен иш алып барып, талбаган күжүрмөн аракети көп ийгиликтерди жетелеп келди.

1995-жылы республикалык деңгээлдеги “Жылдын мугалими-1995” кароо сынагында баш байге Гран-прини жеңип алып, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгисине арзыган.

Жаш муундарга билим жана тарбия берүүдө жан дили менен жасап жаткан иштери үчүн “Мээрим” фондусунун Эл аралык “Дилгир” сыйлыгынын 2004-жылкы лауреаты болот.

2005-жылы Ысык-Көл облустук “Жылдын мыкты уюштуруучусу” кароо сынагында баш байге Гран-прини жеңген.

2007-жылы КРнын Президентинин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан “Кыргызстандын алтын фонду” китебине киргизилген.

Окуучуларды “XXI кылымдын интеллектуалдары” сынагына даярдап, республика боюнча ар бир номинациядан жыл сайын баш байге, 1-орундарды камсыз кылып келет.

2008-2009-жылдары Түп райондук мамлекеттик админицтрациясынын мактоо баракчалары, ыраазычылык каттары менен сыйланган. Ошондой эле, Арал айыл өкмөтү жана БШК тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын ишин жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн УШКнын төрагасы катары “Ардак грамотасына” жана баалуу белегине татыган.

Республикалык “Тарбия жана мектеп – бекем мамлекет” аттуу илимий конференцияга жигердүү катышуу менен 1-даражадагы диплом жана баалуу белек менен сыйланган.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата жана 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгынын негизинде Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн “Жылдын мыкты чыгармачыл мугалими” номинациясына эгедер болгон.

Таалайбек Мырзабаевич учурда башта айтып өткөндөй Касымалы Карачев атындагы №21 Сары-Дөбө жалпы орто билим берүү мектебинде насаатчы мугалим катары эмгектенип келет. Ырас, 33 жылдык иш тажрыйбасын жаш мугалимдер менен бөлүшүп, билгенинин бирин калтырбай үйрөтүүдө.

Кесиптештеринин, окуучуларынын жана ата-энелердин арасында зор кадыр-баркка ээ. Замандаштары анын адамгерчиликтүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн, билимдүүлүгүн жана жумшак мүнөзүн жогору баалашат. Андан илим алган ар бир окуучу ага ыраазы.

Булак: «Эмгегим эл үчүн» тарыхый энциклопедиясы

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү