АктуалдууБир ой

Айбек Нур -«Жүрөгүм, жүрү кеттик…»+16

Жазуучу, акын, журналист, коомдук ишмер Айбек Нурдун «Жүрөгүм, жүрү кеттик…» чыгармасын ар аптанын дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү окуй аласыз.

Сүйүү, көз жаш, арман менен бакыт коштолгон тарбиялык мааниси зор чыгарманы калтырбай окуңуз!

Эмнегедир бүгүнкү күн күндөгүдөн башкача болуп туюлду. Таң аткандан кеч киргенче көңүлүм эч нерсеге чаппай, жумушта илең-салаң болуп, үзүлүп түшчүдөй эле араң жүрдүм. “Күзгү депрессияга мен да кабылдымбы?” деп өзүмө өзүм ичимден собол салып, кайра бул кылыгымды бир тирүү жанга билгизбей мыйыгыман жылмайып коём. Күн ушунча узарып кеткенби же мага ошондой сезилдиби, айтор, деле кеч кирбей койду. Калп да болсо катуу берилип иштеп жаткандай түр көрсөтүп, компьютерден көзүмдү албай интернетке кирип олтура бердим. Ошентип убакыттын өтүшү менен мээ кайнаткан күн да уясына жашынып, баш калааны күүгүм басты. Саат жебеси туура 19:00дү кагып, иш күнүм бүтөөр замат ордуман ыргый туруп, шаша-буша компьютерди өчөрдүм да, кесиптештерим бир нерсе дейин деп ооз ымдап, сөз даярдаганча жеңил күрмөмдү колума иле, “Жакшы калгыла, эртең көрүшөбүз!” дей сала сыртка жуткуна чыктым. Бир чылым чегип алайынчы деп төш чөнтөгүмөн кутумду алып, андан бирди түтөттүм.

Ошол кезеңде “Чолпон эже, оң жакты карасаңыз… Эми башыңызды бир аз өйдө көтөрүп, сол жакты караңыз…” – деген арттагы добушту кулагым чалды. Чолпон?.. Жүрөгүмө бул ысым өтө тааныш учурай түштү. Турган калыбымда кылчая назар салсам, чындап эле мен тааныган тээ баягы Чолпон экен. Жүрөгүм бир башкача элеп-желеп согуп, кабынан чыгып кетүүчүдөй дүкүлдөй баштады. Чындап эле жүрөгүмдүн кагышы кулагыма угулуп турду. Бир саамга аны делдирей теше тиктеп, караган калыбыман жазбай катып туруп калдым. Ошол учурда эмне ойлогонумду деле билбейм. Анан барып өзүмө келип, артыма “шак” бурула калдым.

Кандайсың, Жылдызбек?

“Көрүп кала элегинде акырын басып кетип калайын” деп жатканымда ал арттан кыйкырып, учурашып жиберсе болобу. Эмне кылмак элем, басып кете албай кайра ага бурулуп, жакын бардым.

Жакшы, а сенчи? – дедим дирилдей үн катып.

Өзүң көрүп тургандай мен жакшымын, — деп колумда түтөп турган чылымды көзүнүн кыйыгы менен карап алды. Мен аны дароо байкап уяла түштүм да, жол четинде турган урнага салып жибердим. – Баса, бул Руслан… Иним болот, — деди жанында сүрөткө тартып жаткан боз уланды көрсөтүп.

Ассаламу алейкум, — деди ошол замат тиги жигит колун суна.

Ва алейкум ассалам, — деп алик ала анын муздак колдорун кармадым. – Үшүп калгансың го иним…

Жок байке, менин колум дайыма муздак, — деп жылмайды да, эжесине карап, — Макул, кечинде үйдөн көрүшөбүз, мен бара берейин, — деп аялдама тарапка бет алды. “Русь, апамдын айткандарын унутпай ала бар. Мен кечирээк барам, жарайбы?” – деп кыйкырган Чолпонго иниси макул дегендей кол көтөрүп койду.

Чолпондун тээ баягы назик, жагымдуу үнү эч өзгөрбөптүр. Анын күлгөнү, сүйлөгөнү булактын шылдыраган үнүндөй, жок, андан өтүп ээ-жаа бербей шарактап аккан сайдагы суудай, жок-жок, калп айтам, бийик тоонун боорунан шаркырап аккан шаркыратмадай угулат. Анын жанында учуп конгон көпөлөк-куштардын, жандыктардын кулакка жагымдуу үнүндөй. Ооба, уккан сайын улам уккуң келип, сүйлөшкөн сайын сүйлөшкүң келет. Андай жерден кадимкедей көз түгүл, жан дүйнөнүн жаркыраган эшиктери ачылып, мээң сергийт эмеспи. Менин абалым Чолпондун жанында кудум эле ушундай болуп, ой-кыялымда канат байлап, каалгып учуп жаткансыдым…

Чопа, турмушка чыга элексиңби?- деп үн ката инисинин узап бара жаткан караанын көз албай карап калган Чолпондун оюн буздум.

Чыккам…

Үйгө төркүндөп келдиң беле?

Жок…

Жолдошуң азыр кайда?- деп сурап жибергенимди да билбей калыптырмын. Ал ортодо бир саамга унчукпай калган Чолпонду “ыңгайсыз жагдайга калтырып койдум окшойт” деп ичимден өзүмдү жемелегенге да үлгүрдүм.

Өзүм да билбейм… Дагы бир жерде жүрсө керек. Жолдошум экөөбүз эки жолго түшкөнүбүзгө көп болду, — деп үшкүрүнүп алды да, — А сенчи, үйлөндүң беле? – деп суроо узатты.

Ооба, эки уулум бар.

Чоңоюп калышса керек…

Чоңоюп жатабыз… Үчкө чыктык.

А экинчиси канчага чыкты?

Экөө тең үчтө. Эгиздер…

Бактылуу жан экенсиң. Балдарыңдын келечеги кең, жолу түз болсун.

Оомийин… айтканың келсин Чопа. А сенде канча бала бар?

Мен төрөй албадым. Жолдошум менен ажырашуумдун бир себеби ушул болсо, бир себеби башка болду, — деп үшкүрүнүп алды.

Кечир, билген жокмун… – дедим ага боор ооруй шалдырай түшүп.

Экөөбүз жол катар сүйлөшүп келе жаттык. Көрсө, байкушум жыргал турмуш деле көрбөптүр. Ала качып кеткен жолдошу күн көрсөтпөй уруп-согуп, ичкилигин токтотпой койгон тура. Аны менен төрт жыл жашап, акыры төрөй албай койгонунда кетирип тыныптыр.

Эх-х, тагдыр… эгер сен, биздин каалаганыбыздай жазылсаң, ичиңе бир кайгы кошпой, бүтүн өмүрдү бактылуу жазып албайт белек. Андай мүмкүнчүлүк берилген эмес тура. Анткен менен турмушубуздун кайгылуу же бактылуу болушуна өзүбүз себепкер болуп, эки ача жолдун бирөөсүн өзүбүз тандайт турбайбызбы.

Орто бойлуу, кара тору, сулуучунак Чолпон арадан алты жыл гана өтсө да тез эле каарый түшүп, мөлтүрөгөн жылмакай саамайы бырыш басып, оймоктой эриндери өрүктөй кургай түшүптүр. Оор турмуш көргөнүн айнектей жылтыраган көзү түгүл, кесиле түшкөн колдорунан байкасаң болот. Турмуш адамды тез эле каарытып, тез эле алдан тайдырып, анардай албырган жүздүн жалынын өчүрүп коёт тура…

Оо, андан бери нечен суулар агып, нечен күндөр батып, нечен таңдар атты. Бирок анын назик үнү кулагымдан өчпөй, ар убак жаңырып келди. Ал турсун ушул кезге чейин бассам-турсам ой-санаамда бийлеп, түнү түшүмдөн, күнү көз алдымдан элеси кетпей кыйнайт десең.

Жаш курагым отуз бешке чамалап калса да Чолпондон башка жанды жактырмак турсун, назар да салбадым. Ал эми жубайым Айдайды болсо, апамдар кыйнап эле алып берип коюшкан. Анын үстүнө кимге үйлөнсөм да мага баары бир болуп калган болчу.

Мага дале таарынып жүрөсүңбү?.. Албетте, таарынбай анан кантесиң… Эмнеси болсо да, баары үчүн сенден кечирим сурайм. Кечир мени… – деди бир саамда токтой калып, башын жерге сала.

Эмнеге кечирим сурайсың?.. Кайсы жазыгың үчүн?

Сенин алдыңда күнөөкөр жанмын. Сен аны жакшы билесиң…

Кой, антип өзүңдү менден пас сезбе, — дедим аны соорото.

Ай билбейм… Ичиме толо арман батырып жашаганым эле болбосо, менде баары жакшы. Үй-жайым, ичерге тамагым, кийерге кийимим бар. Кудайга шүгүр, жакшы эле жашап жатам. Бирок аныгыда ушинтип өзүмдү өзүм алдап келем…

Менде деле ошол… Төбөсү көккө жетип, бактылуу болуп кетти дейсиңби.

Сенин фейсбуктагы баракчаңды эки жыл мурун таап алгам. Ошондон бери акмалап келем. Бактыгүл Балтабай кызы деген менмин. Ошол фейк аккаунтум менен сүрөттөрүңө жактыруу басып, жакшы пикир жазып жүрөм. А сен болсо “ырахмат” деп, жанына жылмайган быйтыкчаны гана кошуп жооп бересиң. Мен ошого гана ыраазы болуп, жаш балача кудуңдап, төбөм ай-асманга жетип сүйүнүп алам.

Ошол фейк сенсиңби? Кызык, эмне үчүн жашырынып жүрдүң? – деп жылмайдым.

Ооба, ошол фейк менмин. Фейк болуп киргенимдин себеби үй-бүлөңдү бузуп алып, жашооңо тополоң салып койбоюн деп корктум.

А азыр коркпой элесиңби?

Чынымды айтсам бир аз коркуп турам…

Мм… Билесиңби?

Эмнени?

Өзүңдөн бөтөн бирөөнү көкүрөгүмө жаткызып, кучагыма батырып жүрсөм да, өзүмдү бактылуу сезе албадым. Чопа, ушул кезге чейин бир гана сен деп жашадым. Ар бир жүрөгүмдүн согушу, ар бир демим сага гана арналды. Сенин тирүүңдү билбей жашоо мен үчүн тозокко айланды. Бир боло албасам да алыстан көз салып жүргүм келди. Издебеген жерим калбады. Чын эле кайда жүрдүң, эмне үчүн кабар айтпадың? – дегенимде Чолпон шылкыя башын жерге салып, бир топко үн катпады. – Чопа, капа болбосоң бир жерге кирип тамактанбайлыбы? – дедим анын жаш тегерене түшкөн каректерине кадала карап.

Сен каалагандай болсун…

Эмне жейсиң?

Кофе эле ичем го…

Мх-ы, өзгөрбөпсүң, — деп жылмайсам, ал да баягы кездегидей эле адатынча жылмайып койду.

Кыз-жигит кезибизде “Кофе эле ичем” же “балмуздак эле жейм” деп мени аяп тим болчу. Ал кезде окуу менен алек болуп жүрүп, окуудан сырткары иштөөчү деле эмесмин.

Экөөбүз ээрчише ашканага кирип, тамак алып жайгаштык.  Ишенсеңиз, биринчи жолу кыз сүйгөн жигиттей Чолпондон сүрдөп, уялып, тартынып турдум. Жүрөгүмдүн кагышы дал эле жаш кездегидей кагып, “сени дагы да болсо сүйөм” деп ичтен айкырык салып, чаңырып жаткансыды.

Чолпон экөөбүз тамак үстүндө өткөн-кеткенден сөз кылып, көпкө отурдук. Каткырык-шаңга толгон кызуу маегибиз түн бир оокумга чейин барганын туйбай калыппыз. Таксиге салып узатаарымда кайра жоготуп албайын деп телефон номурун алып калдым. Жол катар келе жатып кыялдын бал кыялына батып, эңсөөнүн кемесине түшүп, ааламда мен эле бактылуудай жоодон олжо менен кайткан баатыр сымак өзүмдү өзүм кубаттап, мактап келе жаттым. Ойлоп көрсөм, көп жылдан бери өзүмдү мынчалык бактылуу сезбептирмин. Жадакалса кечки жел да мени сүйгөндөй жүзүмөн аяр сылап, өөп-жыттап кеткендей туюлуп турду. Ага болгон сезимим кадам таштаган сайын күчөп, алоолоп жаткансыды. Бир кезде эсиме келип кетип, өзүмө өзүм “Жылдызбек, акмак болбо! Тизгиниңди тарт!” деп кыйкырып, башымды бир уруп алганым менен жүрөктөгү сезим баш бербей, күрөө тамырым менен тынбай чуркап туруп алды. Чолпон деги жалгыз экен, ага басып кетейин десем артымда эгиздерим, жубайым бар. Үй-бүлөм менен калайын десем, качанкы бир карт баскан сүйүүм жаңыланып, качкан сайын арттан такымдап кууп келип, өзүнө чакырат. Эки оттун чок ортосунда калып өрттөнүп, куйкалана түшүп жок болуп кетпесем болду деп корком.

Эх-х, Чолпон экөөбүздүн башыбыздан не деген бактылуу да, кайгылуу да күндөр өтпөдү. Ал кездерди эстеген сайын бара жаткан багытыман артка бурулуп кетким келет. Бирок ага эрким жетпейт… убакытты да артка түрө албайм…

Үйгө келсем жубайым Айдай күтүп олтурган экен.

— Тамак ичесизби?

— Жок, тоюп келе жатам. Балдар уктадыбы?

— Укташты. Кайда жүрдүңүз?

— Отчет берейинби?

— Мойнуңузда…

— Эмне?

— Башка жактырган адамыңыз барбы?

— Сага эмне болду?

— Мойнуңуздагы помаданын изин ким калтырды?

Ичимден «Эмнени айтып жатат? деп түшүнө албай, бир топко нес боло түштүм. Анан барып сөздүн төркүнүн түшүндүм. Чолпон менин мойнумду качан өөп жибергенин деле билбей калыптырмын.

Аа, помаданы айтасыңбы, жумуштагылар менен “приказ” ойногонбуз. Кабатыр болбо, ошондон эле калган из, — деп жуунучу бөлмөгө кирип кеттим. Анын жаман акыбалда калганын туйганым менен кылым да кыйшайбады. Жубайым артымдан келип, көз жашын агызып, каалгага сүйөнө туруп калды.

Кантип? Кантип мен ишенем? Азыр сиз ойной турган курактасызбы?

Ишенбесең өзүң бил. Бирдеме болсо эле ушул аялдардын көз жашы даяр.

Мен баары бир ишенбейм…

Эмне, сага ишен деп жалынайынбы? Же кайда жүргөнүмдүн, эмне кылганымдын ар бир мүнөтүн, ар бир секунддун телефонго тартып келип берейинби? Кийимиң бүтүн, курсагың токпу акыры, дагы эмне жетпейт? – деп кыйкырып жибергенимде ыйлаган бойдон чуркап кетти.

Ошол күндөн тарта жубайымдын мамилеси салкындай баштады. Бирок анысын билдирбөөгө аракет кылып, адаттагыдай эле жүрө берди. Анын мага болгон таарынычы тоодой эле. Кантсе да койнумда жаткан аялым эмеспи, жүрөгү бир нерсени туйгандыр… Мунун баарын билип турсам да, Айдайдын маңдайынан өөп, кучагыма батырып, кечирим сурап коё албадым. Ал кезеңде менин болгон оюм Чолпондо болуп, кыялымда Чолпон менен ойгонуп, Чолпон менен уктап жүргөм.

Чолон экөөбүз жаңы таанышкан кезде ал абдан сулуу эле. Ооба, топ кыздардан бөлүнүп, көзүмө эле көрүнүп турчу. Адеп ага болгон сезимимди билдире албай, нечен түйшүк, нечен азап тартып жүрдүм. А көрсө, ошол кезде ал дагы мени сыртымдан жактырып жүргөн экен. Муну кийин экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштаганыбызда өзү айтып берген.

Сүйүүм жоопсуз калбасын деп жоро-жолдошторумду ортого салып жатып, алардын шоктугу менен сүйүүмдү жеткизгем. Ооба, кыз кылыгы менен дегендей, ал да кылыгын көрсөтүп, көңүл бурбай бир аз кыйнады.

Чолпондун артынан мени менен кошо жарышып нечен жигит чуркады. Алардын айынан экөөбүз нечен урушуп, нечен жараштык. Мына быйыл күздө баш кошобуз деп турганыбызда Чолпон дайынсыз жоголду.

Уландысы бар.

Уландысы дүйшөмбү күнү кечки саат 23:00 дө чыгат. Дал ушул жерден окуй аласыз ардактуу окурман!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү