Айбек NEWSАктуалдуу

Аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр карга айланат

AibekNur.kg — 4-5-ноябрдан тарта Кыргызстандын дээрлик баардык аймактарында аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаашы күтүлөөрүн Кыргызгидромет маалымдап, коңгуроо какты.

Маалыматка караганда, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан катуу жаайт. Зым, бактарга суу кар жабышып, тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

4-6-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10 градус, күндүз -2…-7 градус, Таласта түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -3…-8 градус болушу ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 0…5 градус болсо, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -1…-6 градус муздайт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15 градус, күндүз -2…-7 градус, тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26 градуска чейин жетип, күндүз -10…-15 градус суук болушу ыктымал.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындата турганы билдирилди.

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү