АктуалдууТагдыр

Адыл: Баткеним, кечир мени! Мен сага кайтып барам…

Биздин AibekNur.kg маалымат порталыбыздын email дарегине Адыл аттуу окурманыбыз кат жолдоду. Анын катын жарыялабай койсок, бизден айып кетээр… Ооба, кыска кат болсо да жүрөктөн чыккан эки ооз сөзүн жеткирүүнү туура деп таптык. Ушундай патриот жигиттерибиз көп болсун деп тилейли. Эмесе, макалага көңүл буруңуз!

Эгер сиздин да жан адамга айтпаган сырыңыз болсо, аны ким бирөө менен бөлүшө албасаңыз, бирок ушундай бирөөгө айтып жеңилдеп алууну кааласаңыз, анда nurlanov.ai@mail.ru почта дарегине кат жазыңыз. Сиздин кат текшерилип, оңдоп-түзөлгөндөн кийин жарыяланат жана анонимдүүлүк сакталат!

AibekNur.kg —  Билесизби?.. Сөзүмдү эмнеден баштаарымды таптакыр билбей турам. Айтор, мындан туура беш жыл мурун Москва шаарына катардагы мигрант катары келгем. Өзүм Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка айылынан болом.

Туулган жерге кайтып баруу оюмда такыр жок эле… Жакынкы аралыкта Россия жарандыгын алуу планымда бар болчу. Бирок азыркы кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин бул оюмдан кайттым да, Кыргызстанга билет алдым.

Эх, киндик кан тамган жерим… Кечир мени… Ата-Журтун таштоону пландап, айылын жерип жүргөн мендей жеңил ойлуу пендеңди кечир, Жаратканым…

Абдан өкүнүп турам. Буйруса, мен сага барам Баткеним. Уулуңду тосуп ал! Эми сени эч качан таштабайм!

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү