Айбек NEWSАктуалдууИнтервьюТагдыр

Аида Жантаева: Жолдошум жолугууга бир байпагын күндө жууп, кургатып алып кийип келчү

AibekNur.kg маалымат порталынын «Кызыктуу маек» рубрикасынын коногу Каракол шаарынын тургуну, жолдошунун сүйүктүү жары, эки уул, эки кыздын ардактуу асыл энеси, Фейсбук социалдык тармагынын активдүү шайыр колдонуучусу Аида Жантаева болмокчу.

AibekNur.kg

— Аида эже, жолдошуңуз менен кантип таанышып калдыңыз эле?

— К.Тыныстанов атындагы жогорку окуу жайынын журналисттика факультетинин үчүнчү курсун бүтүп, жайкы эс алууга чыккан убагым болчу. Айылга баргым келбей дүкөндөрдүн бирине жарнама боюнча барып, сатуучу болуп жумушка кирип алдым. Ошол дүкөндүн маңдайында жолдошум таксист болуп иштөөчү эле. Анын айтымында, мени бир көрүп сүйүп калат имиш… Уялып жүрүп, күндөрдүн биринде дагы бир эки таксисттин коштоосунда мага сөз айтат. Анткен менен духу жетпей, ошондо да эки досу менен таң аткыча менден коньяк сатып алып ичип, анан барып кызуулук менен сөз айткан. Мен «жок» деп койсом өлүп алчудай сезилди. Сүйүүсү көзүнөн агып турчу эле… Анан күйөөгө тийип жаттым беле, ооба деп коёюнчу деп, «макул» деп койгом. Ошентип, эки-үч айдай сүйлөштүк. Бирок эки-үч айда бир жолу концертке алып барган. Андан тышкары, эки-үч жолу кафеге чакырды. Анда да аны аяп, арзан тамак алып иччү элем 😁. Өзү өтө жөнөкөй жигит болчу. Бир байпагын күндө жууп, кургатып алып кийип келчү. Ушундай майда-чүйдө нерселеринен бери аябай байкачум😂. Уялып бетимен да өпчү эмес…

— Анан кантип баш кошуп калдыңыздар?

— Сүйүү-пүйүү деген эмне экенин билчү эмесмин. Жаш элем… Кээде «Көңүлүм жок», «Үйдө жокмун» дей берчүмүн. Жолугууга чакырса ага айтпай андан качып дискотекага кетип калсам, кыздар менен кошо аркамдан издеп келчү.

Ошондой күндөрдүн биринде дискотекага таап барып, бийлеп жатсак, качсам да болбой жемпирлерибиз чапташып илинип калса болобу. Кыжырым кайнап жатса, курбу кызым кечке каткыра шылдыңдаган эле.

Кыз-жигит катарында сүйлөшө элегибизде сөз болуп калып, «Жигит менен сүйлөшпөйм, ала качып кетсе, бир барган жерге отурам» деп койгом тамашалап. Анан «Бир барган жериме отурам» деген деп мени ала качмай болот. Кафеге чакырганында баргым келбей, айылга сызып кетем деп ойлоп, «барам» дегем.

Автовокзалга барып, автобус менен кетип калдым. Артыман достору менен кууп келе жатышты. Элдер байкап калып, «ала качканы жатышат, айда эле айда» деп жатышты.

Жанымда тайкем бар болчу, Мерс үлгүсүндөгү автоунаа менен келишип, ала албай кайра кетишкен.

Каракол менен биздин айыл бир сааттык эле жол. 22-ноябрь эле… Ошол күнү кар жаап баштады. Айылга келген мерсти инилерим ат менен кууп жиберишкен…

Экөөбүздүн тең энелерибиз бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Ошондон улам «Мени ушул эле кыз түшүнөт, ушуну албасам болбойт» деп кайра нива айдап келишет. Анан бир аферист бөлөсү бар экен. Аябай кулакка тээп, «Бир эле сөз айтабыз… аманаты бар эле» деп кайра-кайра чалып тажатты. Анын бирдигин аяп, боор ооруп коём. «Айылдын балдары сабап жатат» дегенинен эки инимди жаныма алып, кантор жакка үчөөбүз ээрчишип келдик. Анан ниваны жакындатып айдап келип, физкультурныйды бүткөн иниси мени бүктөп туруп, машиненин ичине ыргытып ийди. Жолдошумдун аты Асхат, унчукпай кар тебелеп турат.

Инимдин бирөөсү ыйлап, капотко чыгып алыптыр. Чөнтөгүнө карга оролгон ташы да бар экен. Лабавойду чаап салган болчу😁. Экинчи иним Асхаттын бөлөсүн чыбык менен сабап алган. Эптеп экөөнү ажыратып, мени алып алышып качып кетишти.

Бара жатабыз… «Боз салкын» өзүнчө эле. Мен буркурап ыйлап алгам. Үйүнө жеткенде сиденьяны кучактап алып түшпөгөнгө аракет кылып жаттым. «Ой-бойго» коюшабы, көтөрүп келип көшөгөгө киргизип, ак жоолук салып коюшту. Ошентип аяп эле олтуруп калдым.

AibekNur.kg

— Жолдошуңуз жаныңызга келгенде урушсаңыз керек…

— Күнөөлүү кишидей болуп, той бүткөнчө жолдошум уялып, жаныма келбей жүрдү. Нике кайып деген ошол экен да, жактырбай жаткан күйөөмдү көшөгөдө олтуруп сагына баштадым😁.

Жеңелер төшөк салып беришсе, таарынган кишидей болуп кийимчен жатып, сүйлөбөй койдум. Ал да уялып үн катпайт.

Азыр өкүнбөйм. Кудайым сураганымдын баарын берип, менден өткөн бактылуу киши жок. Эки кыз, эки уулубуз бар. Улуу кызым он үчтө болсо, кенже кызыма эки ай болоюн деп калды, кубанычымда чек жок… Бирге түтүн булатканыбызга 15 жыл болду.

AibekNur.kg

— Жакшы экен, күйөөңүз романтикпи?

— Романтик деле эмес, бирок аракет кылат😊. Жаңы үйлөнгөн кезде тыйын-тыпыр бир аз тартыш эле. Ошондо кайнежем көйнөк алып берген. Аны кийип, иймектеримди тагынсам күзгүдөн мени карап, «Жаным, апам тирүү болсо сени Асема кылмакмын» деп коёт кучактай калып. Ошол эле сөзү жүрөгүмдү ушунчалык жылыткан.

Туулган күн өңдүү кызыл даталуу күндөрдө кызым экөөбүздү куру калтырбайт. Мага эмне алса, ага да ошону сөзсүз алат. Эми жакында эле экинчи кызым да катарыбызга кошулду 🥰.

AibekNur.kg

— Соода тармагына кайдан аралашып калдыңыз?

— Кенедейимден эле апам ловес сагызын кутусу менен алып келип, сабакка бараарда санап берчү. Аны балдарга сатып, акчасын алып келчүмүн. Кийин кир жууган самын алып келе баштады, аны кошуналарга сатат элем. Ал кезде самын деген нерсе дефицит эле да. Соодага башынан кыйын окшойм көрсө. Эч кимдин жардамысыз эле кредит менен соодамды баштап, контейнер, машине алдык. Кенен-кесир тамак ичип, конокко барып, балдарды эч нерседен кем кылбай чоңойтуп жатабыз. Береке базарда экен, баарына чексиз шүгүр, кудай ушуну кут кылсын.

— Бирок ошончолук оорчулугу болсо керек?

— Албетте оор. Оңой оокат жок да. Сооданын көзүн таап, иштеткенди билиш керек. Кээ бирөөлөр даяр товар, даяр контейнерге отургузса деле баш-аягын таппай банкрот болуп калып жатышат. Негизи, өз маңдай териң менен баарын нөлдөн баштаган жакшы.

Ысык-суукта туруп, дем алыш жок иштейсиң. Чынында оор эле… Соодада да изденесиң кадимкидей. Соода жылбай калса же конкурент көбөйүп кетсе башка эмне сатсам, кандай кылсам деп ойлоносуң. Анан да сапатын билиш керексин сатып жаткан оокатыңдын. Товардын мыктысын тандап келгенди, товар тизгенди, киши келсе мактап сатканды билиш керексиң😄…

— Куруп берген кызыктуу маек үчүн ырахмат. Үй-бүлөңүздөргө бакыт каалайбыз. Ар качан дайымкыдай шаңдуу жүрүңүздөр. Соодаңыздар болуп турсун.

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү