Айбек NEWSАктуалдууСпорт

Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов «Манас» ордени менен сыйланышты

AibekNur.kg — Кыргыз элинин балбан кызы Айсулуу Тыныбекова менен грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланышып, 10 миллион сомдук акчалай сыйлык алышты. Муну менен катар Toyota RAF 4 унаа белекке берилди.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова президенттин колдоосуна ыраазычылык берилип, 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышарын айтты.

Ушундай эле сыйлык менен грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын күмүш медалын уткан Акжол Махмудовго да берилди.

Эске сала кетсек, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) менен Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү) күмүш медаль утушкан. Ал эми Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү) коло медаль алып байгелүү орунду ээлеген.

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү