АктуалдууИнтервьюШоу-бизнес

Асан Пердешов: Кызга окшоп кийинип алган жигиттердин жүрүш-турушу жакпайт!

Казак эстрада жылдызы, бир нече наам-сыйлыктардын ээси, казак элинин сыймыгы Асан Пердешов менен маектештик. Эмесе, эксклюзивдүү маегибизди сунуштайбыз.

– Ассалому алейкум Асан мырза! Биз менен маектешүүгө макул болгондугуңуз үчүн абдан кубанычтабыз. Маегибиздин башында өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз…

— Уалейкум ассалам! Мага ушундай маек куруп берүү тууралуу сунушуңуздарга кубанычтамын. Мен 1986-жылы 25-августта туулгам. Азыркы учурда Алматы калаасында турам. Ата-энем болсо Туркестан облусунун Жетисай калаасында турушат.

WWW.AIBEKNUR.KG

– Сиздин чыгармаларыңызды Казакстан гана эмес Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да сүйүп угушат. Качандыр бир кезде мындай зор ийгиликке жетем деп ойлодуңуз беле?

— Албетте, ойлогон деле эмесмин. Бала кезимде Брюс Ли катышкан кинолорду көп көрүп, ошол кишинин фанаты болгом. Бала чакта капка кум салып толтуруп, ошону тээп, кол менен койгулап, бактын бутагынан палка даярдап, ага чынжыр байлап алып Брюс Лини туурап шугулданчумун. Ошондонбу, азыр да «палкада» жакшы ойноймун. Бир жолу короо жакта эшикке бор менен сызып алып, бычак атып ойноп жаткам. Ошол учурда атам келип калды. Мен ыргыткан бычак болсо жыгач эшикке кадалды. Атам да, мен да чочуп кеттик. Ошондогу атамдын бир сөзү мени мындай кылуудан токтотту. Атам «Мындан кийин ушундай кылганыңды көрбөйүн» деди. Энем болсо «Өнөрлүү жигит жаман болбойт, үнүң жакшы, ырдаганын жакшы го уулум» деп насаатын айтты. Ошону менен атам менен энемдин сөзүн угуп, чыгармачылыкка бет алдым.

— Демек, ата-энеңиз түрткү болуптур да?

— Ооба… Казак элинде «Эй-уу дебеген казак жок» деген сөз бар. Кичине кезимде Шерхан аттуу агамдан домбра ойногонду үйрөнүп алгам. 3-4-класстарда окуп жүргөндө мектептеги ар кандай иш-чараларга катышып, ыр ырдап, домбра ойноп жүрдүм. Аткарган ырларым, черткен домбрамдын добушу аркылуу жакшы алкоо сөздөрдү уктум, чоң кубаттоолорго ээ болдум. Мына ушулар мени алга жетеледи, шык берди. Албетте, атам менен энемдин колдоосу зор болду.

WWW.AIBEKNUR.KG

— Чыгармачылыктан башка эмне менен алектенесиз?

— Мен чынында башка нерсе менен деле алектенбейм. Көп иштер колумдан келсе да, аларга убактым аз. Темирге жөндөмүм бар болгондуктан, өзүмдүн машинамды заманбап кылып жасалгалап чыгууну ойлоп жүрөм. Анан дагы архитектурага кызыгам.

— Чыгармачылыкта көрө албастык көп болот дешет…

— Өнөр жолу — оор жол. Сырттан караган адамга оңой көрүнгөнү менен бизге кошулуп он күн жүрсө баарын таштап качып кетсе керек (күлүп…) Албетте, атың чыккан сайын буттан чалып көрө албастык кылгандар болот. Мунун баарына даяр болуп жүрүү керек. Ошондо баарын жеңесиң. Эң башкысы эркиңди сындырбоо зарыл. Бир беткей мүнөздө болуу керек. Өнөрдө болсун, башка иштерде болсун кек сактоо адамды артка тартат. Ошондуктан мен болбогон нерселерге көңүл бурбайм. « Ит үрө берет, кербен жүрө берет» дегендей, баарын унутуп, көңүлгө жаман ойлорду болтурбоого тырышам. Таза көңүлдөн таза гана чыгармалар жаралат эмеспи…

WWW.AIBEKNUR.KG

— Өкүнгөн учурларыңыз болду беле?

— Албетте, баардык адамдарда өкүнүч болот. Бирок баарын убакыт дарылайт…

— Соңку ирет качан ыйлагансыз?

— Негизи көңүлүм бош (күлүп…) Бирок эр бир адамга ыйлаган жарабайт го деген ойдомун. Өткөн жылдары Өзбекстанда Достук сарайында өткөн чыгармачылык көркөм кече болгон. Калктын мени жылуу кабыл алышы көзүмө жаш келтирди. Албетте, бул кубанычтын көз жашы болчу…

WWW.AIBEKNUR.KG

— Сахналаштарыңыздын сизге жакпаган жактары, кемчилдиктери барбы?

— Бул нерсе бар деп ойлойм. Улуу муундардын кийинки муундардын мүнөздөрүн кабыл алышы кыйыныраак. Мага айрыкча учурдагы кызга окшоп кийинип алган жигиттердин жүрүш-турушу жакпайт. Аябай ачуум келип кетет (күлүп…) Өзүмдү араң басып, «Мүмкүн жогорку муундагы адамдарга биздин дагы кээ бир жүрүш-турушубуз жакпастыр…» деп ойлоп, сабыр кылам.

— Акылдаштарыңыз барбы?

— Атам-энем бар. Акылдашып, сырдашаар чоң атам бар. Ал кишиден көп акыл тыңдайм. Өмүрдө үч нерсенин орду бөлөк:

1. Ата-эненин орду — аларга жаш бала сыяктуу эркелей аласың, андай сезимди башкалар түшүнө албайт.

2. Сүйүктүү жардын орду — ал сенин канчалык деңгээлдеги адам экениңди билип, сага баардык жактан жардамчы болот. Каалаган кезиңде сырдашып жанында болосуң.

3. Достун орду — ата-энеңе, жарыңа айталбаган сырды досуңа айтасың, азилдешесиң, чер жазыша тамашалашып аласың.

WWW.AIBEKNUR.KG

— Ар бир ырды жеткире мыкты аткарасыз, анын сыры эмнеде? Жаш ырчыларга кандай кеңеш бересиз?

— Алгач ыр саптары жазылат. Андан кийин ага обончу обон жазат. Ырчы өзүнүн жүрөгүнө жакын ырды тандап алуусу зарыл. Бул башкы нерсе. Ошону менен бирге чыгарманы жан дүйнөсү менен сезүү керек. Бир пайыз талантың болсо, калган токсон тогуз пайызын аракет кылуу менен чыгармачылыктын туу чокусуна жетесиң. Эгерде аракет кылбасаң анда эч нерсе жок.

— Кандай ийгиликтерге жеттиңиз? Сыйлык-наамдарыңызды тизмектей кетсеңиз?

— Сыйлыктар көп эле (күлүп…). Мактанып калгандай болбоюн, аны элим билет го деп ойлойм.

WWW.AIBEKNUR.KG

— Казакстандан башка мамлекеттерге концерт коюу планыңызда барбы?

— Албетте, ар бир адам алдыга зор максаттарды коёт эмеспи… Ошол максатка жетүү үчүн тырышып, эмгек кылабыз. Менин да максатым — чоң мамлекеттерде өз концертимди берүү. Бул үчүн талыкпай эмгек кылуум керек. Аманчылык болсо кудайым буйруп калаар…

— Алдыга койгон пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

— План көп. Иш менен көрсөтсөк жакшы деп ойлойм.

— Эркин сөз берсек…

— Эки элдин ынтымагы жоголбосун. Ар дайым бири бирибизди колдоп, өнүгүп-өсө берели.

Бала кезимде бирге ойноп өскөн кыргыз досторум бар эле. Алар азыр Кыргызстанда турат. Досторум менен байланыш үзүлгөнүнө он жылдан ашты. Ысымдары Жаркын, Аваз. Алардын эки агасы, эки эжеси бар эле. Ата-энесинин ысымдарын эстей албай жатам. Эгер ушул маекти окуп калса сиздерге кабарлашаар.

— Куруп берген маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Чыгармачылык жолуңуз үзүлбөй улана берсин. Элиңиздин багына бар болуңуз Асан мырза.

Булак: AibekNur.kg

Эскертүү: AibekNur.kg маалымат порталынын макалаларын колдонууда башына шилтеме берилип, маани маңызы өзгөрбөөсү кажет. Ошондо гана колдонууга уруксат берилет. Баардык укуктар толугу менен корголгон.

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү