Интервью

Бүбүйра Бектенова: Олуялар орус империясынын тушунда жоголду

КРнын маданиятынын мыкты кызматкери, Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун төрайымы, коомдук ишмер, Кыргыз адабиятына зор салымын кошуп келе жаткан акын, жазуучу Бүбүйра Бектенова менен маектештик.

“Тектүү жердин кызымын…”

— 1956-жылы азыркы Жайыл районундагы Кум-Арык айылында жарыкка келгем. Бала кезимде чоң энемдин той-ашка болобу, айтор, кайда барбасын, кайда жүрбөсүн этегине эрмешип, жакасына жармашып жүрөөр элем. Карылардын насаат кебин тыңшап өстүм. Ата-тегимди тээ илгертеден сүрүштүрүп келе турган болсок, бабаларым Чүй боорунун элдүүлүгүн сактаган, кас-душмандан мекенин, журтун коргогон эл болгон экен. Тагай бийден бери сүрүштүрсөм, Тагай бий кыргыздардын оң канатынын түпкү атасы болот. Андан Бекарстан, Бекарстандан Эштек бий чыккан. Эштек бийдин жыйырма сегиз уулу болуптур. Алар калмактар тарабынан өлтүрүлүп, жалгыз Солто эсен калгандыгы тарых барактарында айтылат. Ошол Солтодон Күнтуу, Култуу, Чаа аттуу үч уулу чыккан. Азыркы тапта Күнтуу уруусу баш калаадагы Күн-Туу айылын байырласа, Култуулар Ала-Тоо айылында, Чаалар Сары-өзөн Чүйдүн бүт тарабында өмүр сүрүп келишет. Илгери олуя аталарыбыз көп болгон. Азыр андай асылдардын бирин таппай келебиз. Олуя аксакалдардын сөзү эки болбой, айтканы айткандай, дегени дегендей тупадан туура чыкчу. Ар бир кыргыз аларга уул-кызын, келинин, аргымагын сындатышкан тура. Олуяларыбыз орус империясынын жетимиш жылдык мезгилинде басылып олтуруп жоголбодубу. Санчы сынчы олуя атабызга Солто бабабыз да үч уулун сындаткан экен. Олуя улуу уулу Күнтууну карап: “Мунун тукумунда кыздары сулуу, аттары күлүк чыгат. Андан башкасын көрбөй турам” дейт. Экинчи уулу Култууга жүзүн буруп: “Мындан орто байлар жана таланттуулар чыгат” деп сындап өтөт. Ошондо Солто бийдин көңүлү чөгүп, башын жерге салып, “Элге тутка болчу, жерди сактаар уулум жок турбайбы” деп кейий түшөт. Санчы сынчы ага карап: “Бийим, сизде дагы бир бала бар деп уктум эле. Ой, ошону алып келбейсизби?” дегенинде Солто “Баатыр чыгат деген эки уулумдан баатыр чыкпаса, ошол бечел баламан бирдеке чыкмак беле?!!” дейт. Олуя болбой жатып баягы бечел уулун алдырат. Аны көтөрүп келип, босогого койгондо, баягы баса албаган жети жаштагы бечел уулу керегеге сүйөнүп, басып келет. Сынчы аны көрө сала “Бийим, мына эл башкараар, журт асыраар баатыр, көк жал уулуңуз!” деп ордунан козголуп туруп барып, баланын жүзүнөн сүйөт. Солто бабабыз “Сын тайып кетпесин” деп Санчы сынчы олуянын үстүнө чапан жаптырат. Кийин Чаа эл башкарып, мекенин коргогон кыйын адам болгон экен. Ошол тукумдан үзүлбөй нечен баатырлар чыгып келди. Бул туурасында айта берсек кагаз жетпей калаар… Мен дагы ошол Чаа атабыздын урпагынанмын.

“Адабиятка болгон кызыгуумду атам ойготту…”

— Ата-энем карапайым эле адамдар болушкан. Атам сөз кадырлаган, нарк сактаган адам эле. Ар күнү бизди жанына олтургузуп алып, буркан-шаркан түшүп, “Манас” эпосунан окуп бере турган. Балким, менин адабиятка болгон дилгирлигим ошондон улам ойгонгондур. Бир ырды жазуу үчүн кээде көп убакыт кетсе, кээде турган жеримден жаза салам. Оокат кылып жатканда, жыйында же ыңгайсыз учурда ыр саптары төгүлүп келет. Кагазга шар чиймелей койбосом экинчи ирет ал саптар келбейт. Көбүнчө тынчтыкта чыгарма жазганды жактырам.

Ыр сүйбөгөн жүрөктөр да барбы бизде,

Таштай каткан ал жүрөктүн кереги не?

Тирүүлүктүн аземинде көрүнбөгөн,

Эл-жерге барк-баасы жок кандай жеме…

2004-жылы алгачкы ирет “Мен сыйынган сезимдер” аттуу поэзия китебим жарыкка чыкты. Андан соң, 2015-жылы “Ай тамга” аттуу повестим чыгып, 2016-жылы “Уядан учкандар”, “Көчмөндөр изи”, 2018-жылы “Жанкарач бий доору” романым жана “Гүл дастан” поэзия китептерим басылып чыкты. Бул жылдын эсебинен Байтик баатырдын 200 жылдык урматына “Байтик баатыр” тарыхый китебимди жазып, жарыкка чыгардым.

Булак: AibekNur.kg

Акын, жазуучу Бүбүйра Бектенова
Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү