Айбек NEWS

Бүгүн Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы

AibekNur.kg —  2-ноябрь Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы.

1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» аттуу драмасы сахналаштырылган. 

Бул датаны эске алып, 1995-жылы 28-июлда кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу №318 токтомун чыгарган. Кыргызстанда учурда 20 миңге чукул маданият кызматкери иштейт. 

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында 20 театр, 45 музей, 1035 китепкана, 87 балдар музыкалык окуу жайы, маданият жана искусство кызматкерлерин даярдаган 2 жогорку окуу жайы, 8 орто билим берүүчү окуу жайы бар.

Соңку жылдары мурдагы жылдарга салыштырмалуу маданият тармагы бир топ аксай түшкөн. Буга коомчулук маданият министрлигин күнөөлөп келишет. Анткен менен маданият министри бар күчүн жумшап, иштеп келе жатканын айтып келет.

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү