Айбек NEWSАктуалдуу

Бүгүндөн тарта эң күчтүү магниттик бороон башталат

AibekNur.kg — Бүгүн 30-октябрдан баштап соңку жылдар ичиндеги күчтүү магниттик бороон башталат. Мындай маалыматты Россиянын илимдер академиясынын Физикалык институтуна шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты

«Бороондун эң күчтүү учурунда магниттик толкундар 5 баллга жетери күтүлүүдө. Бул прогноздор туура чыкса, адистер бул жолку бороон акыркы бир нече жылдан берки эң күчтүүсү болуп каларын айтышууда», — деп жазылат билдирүүдө.

Алгачкы толкундар жерде 30-октябрь күнү Бишкек убактысы менен саат 13.00дөр чамасында башталат. Жалпы Жер жүзүн каптоочу магниттик толкун эки суткага созулмакчы.

Адистер бороон энергетика системасынын, космостук аппараттардын, радионавигация жана радио толкундардын ишине тоскоолдук келтирерин айтууда.

Адатта магниттик бороон учурунда көпчүлүк кишинин муундары, башы ооруп, өзүн жаман сезип, уйкусу качышы ыктымал.

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү