АктуалдууТагдыр

Бейиш кандай эненин таман астында болот?

Таасирдүү окуя:

Бир кайын эненин келин алганына 5-6 жыл болгон. Ошол жылдар аралагында келинине эч күн көргөзбөйт. Бир күнү жолдон өтүп бара жаткан айылдын молдосу адаттагы уруштун үстүнөн чыгып калат. Анда энеси баласына колу менен келинин көрсөтүп:

— Мына мунуңду жогот, менин көзүм көрбөсүн! Тезирээк үч талагын бер да, үйүнө жөнөтүп жибер, — дейт.

Буга күбө болгон молдо келиндин күйөөсүнөн:

— Эмне маселе, эмне кыйынчылык болуп жатат? Аялың кыянат кылдыбы же уурулук кылдыбы, эмне күнөө кылды? — деп сурайт. Анда күйөөсү:

— Аялым кедей үй-бүлөнүн кызы… болгон айыбы ушул гана. Андан башка эч кандай айыбы, кемчилиги жок. Кызматы, урмат-сыйы жайында, — деп жооп берет. Карап турган энеси:

— Ээ, бала, сөздү көбөйтпөгүн, эне ыраазы — Аллах ыраазы. Бейиш энелердин таманынын астында, — дейт билген хадисине таянып. Молдо келиндин кайын энесине тигиле карап:

— Сизге “Бейиш энелердин таманынын астында болот” деген сөздү ким айтты? – деп суроо узатат.

— Хадистен окудум.

— Хадистен окуган болсоңуз, хадисти туура окуганды үйрөнүп алсаңыз болмок! Пайгамбарыбыз (с.а.в) сахабаларына (р.а): «Бейиш силердин төрөгөн энелериңердин таманынын астында» — деген. Эмнеге энелердин деген эмес? Хиндге тийген кыргыз аялы бала төрөсө эне болобу? Бейиш ушунун астындабы эми? Күйөөсүнө кыянат кылып, эринин колунан туз, нан жеп, “Сага тийип эмне жакшылык көрдүм, сендей аңкоо бул дүйнөдө бар бекен?” — деп сөз кайтарып, күйөөсүн «сен» деп сенсирей каргап жаткан аялдардын таманынын астындабы Бейиш?

Харам жол менен, зынаа жол менен кош бойлуу болуп алып, баласын төрөп, төрөт үйүнөн чанып, же дагы бир жерге таштап кетип жаткандардын, а болбосо боюнан алдыргандардын таманынын астындабы Бейиш?

Кызынын жеке жашоосуна аралашып, балдарын жетим кылып ажыратып алган энелердин таманынын астындабы Бейиш?

Мындайлардын таман астында Бейиш болбойт туугандар! Бейиш көз — жаш, наразычылык, мээримсиздиктен куралган эмес. Бейиш Аллах ыраазычылыгы үчүн күйөөсүнүн, балдарынын ыраазылыгына жеткен, сүйүктүү, мээримдүү энелерге гана насип кылат! – деп, сөзүн улады. — Намаз окуйсузбу?

— Жок, намаз окубайм, — деп жооп берди кайын эне.

— Сиз “Бейиш энелердин таманынын астыда” дедиңиз. Эки небереңиз менен келиниңизди кууп, уулуңузду бактысыз кылып жатасыз. Сиз чын жүрөктөн өзүңүзгө суроо бериңизчи, «Бейиш менин таманымдын астында» деп ойлойсузбу? Ушул сөзгө ишенесизби, өзүңүздү ишендире аласызбы? – дегенинде кайын энеси башын жерге салып, олтуруп калды. Молдоке келинге:

— Кызым, бар кет үйүңө! Эмне керек? Ансыз деле беш жыл ушунун «сен мындайсың, ата-энең андай» деген сөздөрүнө, кур дооматтарына чыдапсың. Азыр мен бир кагазга дуа жазып берем. Ошол дуаны күн сайын намаз окуганда, жайнамаздын үстүндө окуп дуа кыласың. Мына жаңы айга он күн калды Ин ша Аллах, кайненең жаңы айды тозокто күтүп алат, — десе, кайненеси ордунан ыргып туруп:

— Ой кызым, мени кечир! Мендей акмак кайын энеңди кечир! — деп жалбара баштайт. Молдоке:

— Коркпос экенсиң ээ?.. — деп, өз жолуна түшүп кетет…

formula.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү