Айбек NEWS

Бекзат: Ишенген адамдарым таштап кетти. Өлгүм келет, бирок дитим барбайт…

AibekNur.kgДүйнөнүн 14 миллионерлеринин сабактарына катышып, 18 мамлекетте жүрүп, көптөгөн илим топтоп келген белгилүү валеолог, психолог Абдураимова Сардал Маматовна окурмандын соболуна жооп берди. Эгер сиз да суроо берүүнү кааласаңыз, анда nurlanov.ai@mail.ru почта дарегине кат жазыңыз.

«ЖАШОО СЫРЛАРЫНЫН АЧЫЛЫШЫ»
✨ Өзүңүздү баалоону билбей жатасызбы?
🔥Канткенде өзүңүздү толук сүйүп кыласыз?
💢Жашоодо өз ордуңузду тапкыңыз келеби?
💫Стресстен бат чыгууну каалайсызбы?
💰Акча кирешеңиз канааттандырбай жатабы?
⚖️Жашоо туңгуюгунан чыгуу сырларын билгиңиз келеби?
АНДА БУЛ 28-КҮНДҮК ОНЛАЙН ОКУУ СИЗ ҮЧҮН!

📞Байланыш номуру: +996509979812

— Саламатсызбы? Сиздин жардамыңызга муктажмын. Мен ишенген адамдар баардыгы мени таштап баса беришти. Ооба, баардыгы… Мен жападан жалгыз калдым. Учурда оор депрессияга түшүп, андан чыга албай келем.Эч нерсеге эбим жок, жалкоомун. Жашоону нөлдөн баштоого да чамам жок. Соңку күндөрү өлгүм келип жүрөт, бирок дитим барбайт… Кантем? Эмне кылам? Психологдорго барайын десем акчам жок… Сиздердин сайт аркылуу жооп берген психолог эжеден пайда болоор деген тилекте жазып жатам. Жардам бериңизчи.

Бекзат, Токмок шаары.

— Саламатсызбы? Макул, сизге жардам берейин. Өздүк телефонума байланышка чыгыңыз (+996 509 21 04 69).

Бекзат, ишенген адамдарыңыз бекеринен таштабайт. Таштаган болсо, демек күнөөнү өзүңүздөн издеңиз.

Өзүңүзгө болгон бааңыз өтө төмөндүгүн байкадым. Башка оор иш түшсө эле депрессияга түшүүнүн кажети жок. Эбиңиз жок, жалкоо болсоңуз кимге жагасыз? Тирүү балык шар аккан сууга карама каршы багыт алып сүзөөрүн билсеңиз керек. Ооба, өлүк балык гана суунун агымы менен агат. Демек, тирүү адам баардык көйгөйгө карама каршы багыт алып, милдеттүү түрдө жеңүү керек!

Жараткан пендесине баардык кыйынчылыктарды көтөрө ала тургандай жана аны жеңе ала тургандай күч берген. Жеңип чыгуу сиздин колуңузда. Жараткан чын дилинен кечирим сураган өтө кечиримсиз пендесин да кечирет. Анткени ал кечиримдүү зат.Бир гана инсанды кечире албайт экен. Ал өз өмүрүнө кол салгандарды… Себеби, жан чыккандан кийин кайдан, кантип кечирим сурай алат?

Акча сиз жутуп жаткан аба менен кирип-чыгып айланаңызда гана жүрөт. Аны сезүү сезимиңиз жоголгон. Сиз акчадан да жогорку баалуу байлыктарыңызды баалоону үйрөнүңүз. Алты саныңыз аман экендиги чексиз байлык эмеспи. Ошону баалап, барктаганыңызда, жана жалкоолукту жеңгениңизде баардык жакшылыктардын ээси сиз болосуз.

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү