Айбек NEWSАктуалдууСаясат

Бийлик менен тирешип келе жаткан Нарматова шайлоого аттанды

AibekNur.kg — Буга чейин бийлик менен тирешип келе жаткан Орозайым Нарматова аттуу жаран «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанды. Бул тууралуу ал интернет баракчасына жазып чыкты.

«Салам достор! Мен Кыргызстанга келип, сиздердин колдооңуздар менен шайлоого катышып жатам. «Бүтүн Кыргызстан» — чыныгы элдик партия!

«Мигранттардын арасынан, айрыкча мигрант аялзатынан жалгыз талапкермин»- десем жаңылышпайм. Андыктан, кыргыз элибизге шайлоодо ийгиликтүү тандоо жасап алууларын каалайм. Атаандаш партияларга да ийгилик! Татынакай, кымбат баалуу сүрөтүмдү, жакшы каражат менен жасалган мыкты видео рекламамды чыгара албаганым үчүн кечирим сурайм. Үгүт иштеринде жолугушканча. Партиянын ичинде менин номерим №4 болду» — деп жазган.

Эске сала кетсек, Орозайым Нарматованы ушул жылы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткен. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал кармалбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлаган. Ошол эле күнү кечке жуук активист күбө катары суралгандан кийин бошотулганын маалымдашкан.

Эртеси 11-сентябрь күнү «Манас» аэропортунан Москвага учуп кеткен. Аны Москвадагы жакындары башына суу тегеретип, ак жоолук салып, гүл менен тосуп алышкан.

Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо да «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Ал убагында президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин эмнегедир анын саясатын кескин сындап, Адахан Мадумаровду колдоп келген.

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү