Айбек NEWSАктуалдуу

Бишкекке абаны булгабаган 210 автобус алынып келинди

AibekNur.kg — Ордо калаага жүргүнчү ташыган 210 автобус алынып келинип, «Ала-Тоо» аянтында жаңы транспортторду тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бизге жеткен маалыматка караганда, бул автобустар экологияны булгабайт. Иш-чарадан соң алар дароо маршруттарга бөлүнүп, ишке чыккан.

«Мэрия калааны коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында «Эко Пассажирские перевозки» ишканасы менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон. Ага ылайык, компания жыл аягына чейин Өзбекстандын «СамАвто» ишканасы чыгарган япон үлгүсүндөгү 350 ISUZU автобустарын алып келет. Андан кийин өнөктөш компания келишим боюнча 2022-2023-жылдары газ менен жүргөн 9, 10, 12 метрлик 1000дей автобус алмакчы», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия аталган ата мекендик компания 1000дей адамды жумуш менен камсыз кылганын кошумчалады.

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү