Айбек NEWSАктуалдууШоу-бизнес

Быйыл Динара Акулованын ити чөп жеди

AibekNur.kg — Көз тийбесин, быйыл Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген Эл артисти Динара Акулованын ити чөп жеп жаткан кези. Дегенибиз, а дегенче эле Эгемендүүлүк күнү «Эл артисти» наамы менен сыйланды. Андан өтүп 10-сентябрь өздүк майрамына карата 8-9-сентябрь күндөрү чоң программадагы «Сиз күткөн күздөн ыр десте» аттуу концертин тартуулады. Концертке Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Гүланда, Султан Садыралиев, Максат Кыштобаев, Султан Каримов өңдүү бир катар белгилүү ырчылар, бийчилер чакырылган.

Концерттин орто ченинде «Эмгегим эл үчүн» тарыхый энциклопедиясы жана анын алтын төш белгиси тапшырылып, кубанычына кубаныч тартуулады.

Андан көп өтпөй, бүгүн 11-сентябрь күнү инстаграм баракчасына неберелүү болгонун жазып, сүйүнүчүн бөлүштү. Интернет колдонуучулар жакшы пикирлерин, каалоолорун жазып калтырышууда.

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү