Айбек NEWSАктуалдууСаясат

Дагы бир адам уу коргошунга ууланды

AibekNur.kg —  Баш калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.

Ушуну менен Бишкекте уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу «аконитке уулануу, аритмогендик шок» деп коюлган.

Буга чейин Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин кабарлады. 

Айта кетсек, Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду. 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган болчу. Ошол эле кезеңде бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.

Булак: AibekNur.kg

4 Комментарийлер

  1. Адамдар кызык. уу коргошунду оз алдынча коллонмок беле билбей туруп

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү