Айбек NEWSДен соолук

Эртең мененки төшөк кумары эркектин өмүрүнө өмүр кошот

AibekNur.kg —  Эртең мененки дене кумары эркек кишинин ден соолугуна эки эсе жакшы таасир этип, өмүрдүн узарышына шарт түзөт. Бул тууралуу Чикагодогу Иллинойс университетинин окумуштууларына таянып «Московский комсомолец» гезити жазып чыкты.

Мындай бүтүмгө келүү үчүн адистер 65тен 87 жашка чейинки 2 600 эркектин арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Алардын ичинен эң узак жашагандардын (80-87 жаш) 97 %ы жаш кезде көбүнчө сүйүктүүсү менен ойгоноор менен «көңүл ачып» жүргөнүн билдирген.

«Бул нерсе кайсы учур болсо дагы адамдын ден соолугуна абдан пайдалуу. Таңкы кумар кадимки гимнастика сыяктуу. Организмди ойготуп, дем алуу органдарына, кан тамырларга, муундарга дем-күч берет», — дешкен окумуштуулар.

Бирок бул процесстен толук кандуу ырахат жана пайда алуу үчүн бир нече эрежени кармануу зарыл. Тагыраагы, адам сааттын коңгуроосу жок өзү ойгонгону жакшы. Ошондой эле оюнда жумушка кечигем деген санааркоо болбошу керек.

Булак: AibekNur.kg

12 Комментарийлер

  1. Уят жанылык эмес ушундай пайдалуу жанылыктардан чыгарып тургула

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү