АктуалдууИнтервьюТагдыр

Гүлнара Сыдыкбекова: Башыман өткөн күндөрдү бир да жанга каалабайм!

AibekNur.kg — Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, Ат-Башы районунун ардактуу атуулу, “Бийиктик” Эл аралык журналынын Эл аралык деңгээлдеги “Ардак грамотасына” арзыган Гүлнара Сыдыкбекова менен маектештик.

AibekNur.kg

— Гүлнара эже, бүтүн өмүрүңүздү чыгармачылыкка арнап, аны менен жашап келесиз. Кыяк, комузда кол ойнотуп, ооз комузду созолонто чертесиз, ырдайсыз дагы… Мынча көп талантты кайдан таап алгансыз?

— Мектептеги кароо сынактардан, коомдук иштерден калбай активдүү катышаар элем. Эл алдына чыгып алып обон салчумун. Атам болсо “Жениш жолу” гезитинде журналист болуп эмгектене турган. Ат-Башыга концерт коюп келген артистерди (Э.Мойдунов, З.Шакеева, Г.Момушева, Г.Мамашева ж.б.) үйгө алып келип сыйлачу. Ошондо аларга ырдап берсем, ушул кызынан бир нерсе чыгат, талантуу экен деп калышчу. Алардын сунушу менен атам музыкалык мектепке алып барган.

AibekNur.kg

Ошентип 1974-жылы музыкалык мектептин комуз бөлүмүндө окуп калдым. Жеенкүл эжеден сабак алып, көптөгөн сынактарга катышып, алдыңкы байгелерди алып келчүүбүз. Эң биринчилерден болуп нота тааныткан асыл мугалимим Чынара Карымбаева жалпы фортепиано сольфеджио сабагынан берчү. Мугалимим менен сыймыктанып, азыркы учурга чейин үй-бүлөбүз менен катышып турабыз.

— Андан соң окууну кайдан уланттыңыз?

— 1979-жылы окууну ийгиликтуу аяктап, М.Куреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Келсем “колуңдун манжалары кичинекей экен” деп, кыяк аспабына бөлүп коюшту. Кыякка да көнүп, жакшы көрүп кеттим. 1983-1988-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуп, көп ийгиликтерге жетиштим.

AibekNur.kg

Кыяктан тышкары Чалагыз Исабаев жетектеген комузчулардан турган ансабль бар эле. Ал жерге да катышып жүрдүм. Окуп жүргөн чагымда, тактап айтканда 1986-жылы Т.Сатылганов атындагы Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестрине жумушка орноштум. Ошондон бери азыркы күнгө чейин эмгектенип келем. Мындан тышкары жеке чыгармачылык менен алектенем. Андан бери санай келгенде быйыл чыгармачылыгыма туура 35 жыл толуптур.

— Буга чейинки маегибизде катуу ооруп жүргөнүңүздү айттыңыз эле. Азыркы тапта ден соолугуңуз кантип калды?

— Ырахмат, кудайдын буйруган күнүн көрүп, жашап жатам. Айта кетсем, 2011-жылдан бери онкологияда учетто турам. Көкүрөктөгү рак илдети менен жабыркап келем. Операциядан баш тартып, элдик дарыланууда он жыл жүрдүм. Мындан тышкары Казакстан, Индия өлкөлөрүнө да барып, дартыма даба издедим. Оорунун айынан көп кыйынчылык, азап тарттым. Башыман өткөн күндөрдү бир да жанга каалабайм. Үстүбүздөгү 2020-жылы дүйнө жүзүндө болуп жаткан жугуштуу оорунун кесепетинен чек ара жабылып, сыртка чыга албай көкүрөгүм үч-төрт жерден жарылып, 27-октябрда операция болуп, 4-стадия коюлду. Операция ийгиликтүү аяктады.

Операцияга чейин алты жолу химия алдым. Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын онкология борборунун жана «КафМедЦентрдин» жааматына, профессор Индира Орозобаевнага, доцент Фатима Турусбековнага, Виктория Николаевнага жана башка баардык ак халатчандарга терең ыраазычылык билдирип өтөм.

AibekNur.kg

— Андан кийин да кайрадан ооруканага жатып чыктыңыз эле…

— Ооба, кайрадан ноябрдын жыйырма жетисинде пневмония оорусуна кабылып, тез жардам аркылуу онкологиянын кызыл зонасына жеткирилип, бир апта жасалма дем алдыруучу аппаратта жаттым. Реанимацияга түшүп, жаңы операция болгон жаныма ого бетер суук тийип, колтугума суу толо баштады. Тарамыштарым тартышып, бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Азыркы кезге чейин колтуктан суу алдырып жатам. Ошондой эле операциядан кийин онунчу химияны алдым жана ден соолугума байланыштуу дагы улантат экем.

— Аллахым бекем ден соолук берсин, жакшы болуп кетиңиз! Дагы да элибизге талбастан ак кызмат кылып, маданиятыбызды өркүндөтүүгө салымыңызды кошо бериңиз!

Булак: AibekNur.kg

Бир билдирүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү