Адис жооп беретАйбек NEWSДен соолук

Газдалган суусундуктар онкологиялык ооруну чакырат

AibekNur.kg —  Адамдын ден соолугуна коркунуч жаратып, диабеттен тарта онкологиялык ооруга чейин чакырган азыктардын бири «газдалган таттуу суусундуктар» экенин дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Адистин айтымына караганда, баарынан кооптуусу газдалган суусундуктар.

«Диабетти жаратып, кишини семиртип, акырында онкологиялык ооруга алып барып такайт. Бул чындыгында ден соолукту талкалоочу жолдордун бири. Остеопороздон тарта онкология, жүрөк, кан тамыр ооруларын жаратат», — деп түшүндүргөн Мясников.

Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок сууну көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактабаган.

Мясников чай менен кофенин пайдалуу жактарын да эске сала кеткен. Кофе жүрөк, кан тамыр илдеттеринин, боор оорунун алдын аларын айтса, көк чайдын онкологияга каршы күрөшүү артыкчылыгын белгилеген.

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү