АктуалдууШоу-бизнес

Кайрат Кыргыз: Кыргызстан фестивалдардын өлкөсүнө айланат

Кыргыз Республикасынын Маданиятына зор салымын кошуп, эл аралык деңгээлдеги кароо-сынактарды өз күчү менен уюштуруп келе жаткан, «Кайрат Кыргыз» аттуу каймана ат менен белгилүү болгон аваз үндүү эстрада жылдызы Кайрат Салмакеев менен азын-оолак кеп курдук.

— Бир канча жылдан бери чыгармачылыктын казанында кайнап келесиз. Буга чейин кадимкидей калпак кийип, салттуу ырларды катыра аткарып келчү элеңиз. Бирок «Жаштык кез» аттуу ырды аткарып чыкканыңыздан кийин атагыңыз таш жарды. Өзгөрүүгө эмне себеп болду жана мындан башка да стилде чыгууга план барбы?

— Негизи эле ар бир чыгармачыл инсан оригиналдуу болууну көздөйт. «Жаштык кез» ырын ырдап чыкканга чейин эле, оригиналдуу болууга, кызыктыраарлык, көңүл бурдураарлык нерселерге ыктачумун. Чындыгына келгенде, азыркы жаш ырчылар туура эмес кайрыктарды созуп жатышат. Жаштарга жана улуу муундагы угармандарга илгерки ырларды азыркы талапка ылайык жоготпостон жеткизүүгө, чыгарууга идея келип, ушул стилим жаралып, максатым ишке ашып кетти.

Эми менде эч качан өзгөрүү болбойт. Мен фольклор ырчысы болгондуктан, ошол бойдон кала берем. Мисалы баардык жанрдагы ырларды бири-бирине байланыштырып, фольклордук чыгарма кылууга мүмкүн. Туура айтасыз, өзүңүздөр билгендей, азыр деле көп жылдардан бери салттуу, элдик ырларды аткарып, анан да комуз менен ырдап, бул боюнча балдарга сабак өтүп келем.

— Угармандарды сагынтып жибердиңиз окшойт, жаңы ырыңызды качан уга алабыз?

— Буйруса, жакынкы аралыкта ар түрдүү жанрдагы жаңы чыгармаларды күтсөңүздөр болот. Учурда фестивалдарды жети дубанга жеткизүү, өткөрүү менен алекмин. Кыргызстандын маданиятын дүйнөгө, а алардын маданиятын Кыргызстанга таанытуу биринчи максатым.

— Жакында эле «Ысык-Кол ракушка — 2021» Эл аралык фестивалын өткөрдүңүз, ушул боюнча кыскача айта кетсеңиз?

— Башында «Эмне үчүн Кыргызстанда фестивалдар жок?» — деген суроо туулган. Анан «Кыргызстан фестивалдардын өлкөсү болот» деген максат коюп, бир канча жылдан бери кароо-сынактарды, эл аралык деңгээлдеги фестивалдарды уюштуруп келем. Мунун жемишин көрүп, тата баштадык. Жыйынтыгы жакшы.

Ооба, 1-5-июль күндөрү Ысык-Көл жээгинде өткөн «Ысык-Кол ракушка — 2021» Эл аралык фестивалына коңшу өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын таланттары катышты. Абдан ийгиликтүү өткөрүп алдык. Анда Өзбекстандан келген Бердиали Суванов гран-прини жеңип алды. Ал эми калган катышуучулар сыйлык-наамдар жана белек-бекчектер менен сыйланышты. Буйруса, алдыда дагы көптөгөн жакшы долбоорлорум бар.

— Чыгармачылыгыңыз өсүп, ар дайым ийгилик коштосун! Куруп берген маегиңиз үчүн ырахмат.

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү