АктуалдууТагдыр

Каным: Уулум досторунан уялып, мени үйүнө киргизбеди…

Биздин AibekNur.kg маалымат порталыбыздын email дарегине Каным аттуу окурманыбыз кат жолдоду. Эмесе, катка көңүл буруңуз!

Эгер сиздин да жан адамга айтпаган сырыңыз болсо, аны ким бирөө менен бөлүшө албасаңыз, бирок ушундай бирөөгө айтып жеңилдеп алууну кааласаңыз, анда nurlanov.ai@mail.ru почта дарегине кат жазыңыз. Сиздин кат текшерилип, оңдоп-түзөлгөндөн кийин жарыяланат жана анонимдүүлүк сакталат!

AibekNur.kg — Жашым элүү тогузда. Алыскы тоолуу райондордун биринде жашайм. Базарда ич кийим сатып оокат кылам. Анда-санда товар алууга Бишкекке келип турам. Жаш кезимде эле күйөөм экөөбүздүн мамилебиз келишпей, ажырашып кеткенбиз. Уулум үчүн экинчи ирет турмуш курбадым. Эмнеге дегенде, өгөйлөнүп өсүп калбасын деп корктум.

Башымдан не деген кыйынчылыктар өттү. Эх, аны баары бир уулуң билбейт турбайбы. Дегеним, уулум каалоосу менен 9-классты бүтүп, окууга шаарга кетти. Тапкан-ташыганымдын баарын уулума гана короттум. Эми ага өкүнбөйм дечи, болгону бүтүн өмүрүңдү уулуңа гана арнап, анын бактылуу болочогун куруугу короткон убактым, эмгегим, азап-тозогум текке кеткенде ичиң күйбөй койбойт экен.

Уулум окуу жайды аяктап, жакын досторду таап, жакшы бир жумушка кирди. Башында күндө коңгуроо согуп, ал-акыбалымды сурап турган уулумдун кабары барган сайын жоголуп бара жатты. Бир айда бир гана жолу коңгуроо согуп калчу болду. Мен байланышка чыксам телефонун көтөрбөйт. Кийин таптакыр дайынсыз кетти.

Товар алганча баламдын кабарын билейин деп, курут, сүзмө, эт, сары май, кымыз, боорсок салып алып, жолго чыктым. Кечке маал борборго жетип, ал мурун жашап жаткан батирге бардым. Барсам эшикти ачып:

Апа, сизби?.. Айтып келбейт белеңиз… — деди.

— Сага байланышка чыксам, жооп бербедиң. Мына өлүү-тирүүңдү билейин деп өзүм келдим, уулум, — дедим. Сүйүнүп тосуп алат деп келсем, балам кабагын чытыратып тосуп алды. — Менин келгениме сүйүнбөй элесиңби?

— Апа, үйдө досторум бар эле. Ии, жакшыраак кийинип албайт белеңиз… — деп башыман бутума чейин бир сыдыра карап алды.

— Өз энеңден уялып жатасыңбы? Макул уулум, тоскоол болбоюн. Шаарда мейманкана деген толо, ошол жакка кеттим. Жакшы тур, — деп колумдагы ага деп алып келген баштыктарымдын карматып, кетип калдым. Жол катар келе жатып өпкө-өпкөмө тийбей ыйладым. «Ушул балам деп жашап, болгон өмүрүмдү арнап, өзүм жакшы тамак жебей, жакшы кийинбей, ден соолугума, келбетиме карабай тапкан-ташыганымды ага арнасам, чоңойгондо мага айткан ырахматы ушулбу» деп боздоп бара жаттым. Ошол түнү мейманканалардын бирине жатып, эртеси Дордой базарына барып товар да албай, түз эле айылга келе бердим. Ошондон бери балам байланышка чыккан жок, мен да чалбадым. Аттиң, балабызды канчалык бөпөлөп тарбиялабайлы, баары бир коом бузат турбайбы…

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү