Айбек NEWSАктуалдуу

Кезектеги дүйнө чемпиондугуна кимдер бараары аныкталды

AibekNur.kg — Ослодо өтүүчү дүйнө чемпиондугуна күрөшө турган Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы аныкталды.

Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаевдин айтымында, Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм), Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм) дүйнө биринчилигинде ат салышат. Мындай чечимди башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков кабыл алган.

Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында 2-10-октябрда өтмөкчү.

Кыз-келиндер мелдеши 4-октябрда башталат. Биринчилерден болуп учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 4-октябрда килемге чыгат. Айпери Медет кызы 5-октябрда, ал эми Мээрим Жуманазарова 6-октябрда күрөшөт. Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова, Олимпиаданын коло байгесинин жеңүүчүсү Мээрим Жаманазарова дүйнө чемпионатына катышарын жазган.

Грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын күмүш медалын уткан Акжол Махмудов бул турнирге катышпай турганы маалым болду.

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү