Айбек NEWSАктуалдууСпорт

Кыргызстан волейбол боюнча Азиянын жогорку деңгээлиндеги мелдешине катышат

AibekNur.kg — Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы зоналык Азиянын 2021-жылдагы финалдык раундундагы мелдешке катышат.

Маалым болгондой, чөлкөмдүн борбордук зонасындагы мыкты алты команданын арасындагы Азия чемпионаты Иранда өтөрү белгиленген.

Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде жогорку орундарда турган Иран, Индия, Пакистан, Шри-Ланка, Казакстан сыяктуу командалар менен ат салышышмакчы. Мындай жогорку деңгээлдеги турнирге улуттук курама команда алгачкы ирет чакырылууда. Мелдеш Иранда болору белгиленген. Учурда алар жаштар арасында дүйнө чемпионатын өткөрүп жатканына байланыштуу Кыргызстан катыша турган мелдеш кийинкиге жылдырылган.

Эске салсак, Кыргызстандын улуттук курама командасы 2017-жылы Мальдив аралдарында өткөн зоналык Азия мелдешинде жана 2019-жылы Непалда болгон турнирде чемпион болгон. Ал эми жакында эле Өзбекстандын Фергана облусунда өткөн оюнда экинчи орунду камсыздаган. Бул ийгиликтери менен улуттук команда Азиянын борбордук зонасынын финалында ойноочу алты мыктынын катарына кирген.

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү