Айбек NEWSАктуалдууСаясат

Кыргызстанга россиялык «Спутник V» вакцинасы келди

AibekNur.kg — Кыргызстанга россиялык «Спутник V» вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык «Манас» аба майданына конду.

Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана биринчи вице-премьер Артём Новиков катышты.

Кыргызстан жалпы жонунан бул препараттын бир миллион дозасын алмакчы, анын 500 миңи гуманитардык жардам катары берилет.

Бүгүнкү партиянын бир дозасы мамлекетке 10 доллардан айланган. 20 миң дозанын 10 миң адамга жетери айтылды.

Эске салсак, вакцина алуу боюнча президент Садыр Жапаровдун Москвага жасаган сапарынын учурунда макулдашылган.

Булак: AibekNur.kg

Бир билдирүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү