Айбек NEWSШоу-бизнес

Кыякчы Гүлнара Сыдыкбекова 15-химиясын алды

AibekNur.kg — 21-июль күнү  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, Ат-Башы районунун ардактуу атуулу, «Бийиктик» коомдук фондунун «Ак эмгек» орденине, “Biyiktik ” Эл аралык журналынын Эл аралык деңгээлдеги “Ардак грамотасына” арзыган Гүлнара Сыдыкбекова 15-химиясын алды. Учурда кыякчынын ден соолугу орто.

Жолдошу Абдырахман Аширов менен.

Айта кетсек, он бир жылдан бери көкүрөктөгү рак илдети менен жабыркап келген кыякчы, комузчу, ооз комузчу, ырчы Гүлнара Сыдыкбекова операциядан баш тартып, бул жылдар аралыгында элдик дарыланууда жүргөн. Мындан тышкары Казакстан, Индия өлкөлөрүнө чейин каттап, дартына даба издеген.

Оорунун айынан бир топ кыйынчылык, азап тарткан Сыдыкбекова үстүбүздөгү 2020-жылы дүйнө жүзүндө болуп жаткан жугуштуу оорунун кесепетинен чек ара жабылып, сыртка чыга албай көкүрөгү үч-төрт жерден жарылып, 27-октябрда операция болуп, 4-стадия коюлган. Операция ийгиликтүү аяктады дегени менен азыркы күнгө чейин жакшы боло албай келет.

Азыркы тапта позитивдүү жашоону аркалап келген Гүлнара Сыдыкбекова моралдык колдоого муктаж болууда.

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү