Айбек NEWSАктуалдууСаясат

Кызматынан кол жууган Иманалиев кайра эле май талкандуу кызматка дайындалды

AibekNur.kg —  Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Бактияр Алиев өз каалоосу менен иштен кетип, жетекчинин милдетин аткаруучу болуп мурунку маданият министри Кайрат Иманалиев дайындалды. Жакынкы аралыкта башкы директордук кызматка сынак жарыяланаары белгилүү болду.

Айта кетсек, Алиев бул кызматты былтыркы жылдын декабрь айынын аягынан бери аркалап келе жаткан. Ал эми Кайрат Иманалиев буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп иштеп, өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндө иштен кулаган. Кызыгы, Иманалиев КТРКга кандай максат менен келди? Эмне үчүн кызматынан бошотулгандар кайра эле айланып май талкандуу кызматка кайтып келе беришет?

Баса, буга чейин журналист Ыдырыс Исаков «Маданият министрлиги жоюлса өлкөгө пайдабы же зыянбы?» деген суроону коюп, бул тууралуу репортажын жарыялаган. Буга чейин маданият министрлигине нааразы болуп келген жарандардын нааразычылыгы аталган репортаж чыккандан кийин ого бетер күчөгөн. Чындыгында иштей албаган маданият министрлиги бизге керекпи?

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү