ИнтервьюШоу-бизнес

ЛУТФИЛЛА: Чыгармачылыктан башка кесипти аркалай албайм

AibekNur.kg — Кыргыз эстрада жылдызы, продюсер, режиссер Лутфилла Бусурманкул уулу биздин маалыматтык порталга маек берди. Эмесе, эксклюзивдүү маекке назарыңызды буралы.

Лутфилла мырза, маегибизди чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшкөн алгачкы жылдардан баштасак…

— Жакшы болот! Чыгармачылыкка 1999-жылдан тарта кызыга баштадым. Ал кезде айтылуу “Кыз-Бурак” тобунда апарат коюучу болуп эмгектенчүмүн. Кийинки жылы айылга кетип, кайрадан баш калаага 2004-жылы кайтып келип, Ибрагим Жунусов, Гүлшайыр Садыбакасова, Молдосейит Мамытов өңдүү инсандардан таалим алып, чыгармачылыкка кадам таштадым.

— Оңой эле жылдыз болуп чыга келбесеңиз керек?

— Тура айтасыз… Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Алгачкы “Аллах” аттуу чыгармамды жазаарда аранжировкага каражат таппай убара болгом. Ал кезде азыркы убакка салыштырмалуу ыр жаздыруу, клип тарттыруу өтө кыйын болчу. Бир күнү ачка, бир күнү ток элек.

Региондорго чыгып концерт койгонубузда ал жактагы электриктер атайын жарыкты өчүрүп коюп, акча талап кылыша турган. Эшик тоскон кызыбыз да бир топ акчаларды катып алчу.

— Талбаган мээнеттин үзүрүн көрүп жатасызбы?

— Абдан көп кыйынчылыктарды башыман өткөзгөнүм үчүн анын жемишин жеп баштадым. Менин “чыгармачылыктан ордумду табышым керек” деген бир гана максатым болгон. Төрт жылдан бери “Жылдын мыкты продюсери” наамын бербей алып келем. Шакирттерим да көп ийгиликтерди жаратууда.

— Телевидение тармагына да аралашып кеттиңиз…

— Телевидениеге аралашып калышыма “Арноо концерти” көрсөтүүсүнүн негиздөөчүсү Зайнаш Каракүчүкованын эмгеги чоң. Ал Ырыс Окенова эже менен тааныштырып, ассистент режиссёр болуп жумушка киргем.

КТРКда “Ала-Тоо таңшыйт”, “Мыскыл жана тамаша”, “Бир ырдын тарыхы” көрсөтүүлөрүн жасадым. Мындан тышкары “Замана” таңкы берүүсүндө режиссёр болуп иш алып бардым. Кийинчерээк өзүмдү алып баруучу катары көрөйүн деп, 5-каналга ишке орношуп, ошондон бери “Жылдыздуу кеч” аттуу автордук көрсөтүүмдү алып барып келем.

— Ыйлаган күндөрүңүз болгонбу? Соңку ирет качан көз жаш төккөнсүз?

— Ыйлаган күндөр көп болот. Эмгегиңдин акы-бетин көрбөй калган кезде көп ыйлайт экенсиң. “Соңку ирет качан көз жаш төккөнсүз?” деген сурооңузга жооп берсем, алты жылдан бери апамдын ден соолугу жайында болбой, ооруп жүрөт. Ал үчүн көп маанай чөгөрүп, көз жаш төктүм. Жакында эле бир жакшы жерге дарылаттык. Оң жыйынтык бере баштаганда апамдын жүзүндөгү кубанычын көрүп ыйладым.

— Сахналаштарыңыздын кай кемчиликтери жакпайт?

— “Ар адамда ар кыял, ар кыялды ким тыяр” дейт эмеспи, кемчиликсиз идеалдуу пенде болбойт, баарыбызда бар.

— Таарынып жүргөн адамыңыз барбы?

— Таарынып жүргөн адамдарым бар… Бирок баарын кечирдим.

— Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алексиз?

— Чыгармачылыктан тышкары жумушум жок. Чыгармачыл инсандан башка адам боло албайт экем.

— Кызыктуу маегиңиз үчүн ырахмат. Чыгармачылыгыңыз өркүндөп өсүп, кыргыз элинин тарыхына өчпөс из калтырууга аракет кыла бериңиз!

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү