Айбек NEWSАктуалдууСпорт

Мээрим Жуманазарова президенттин колунан сыйлык алды

AibekNur.kg — Токио Олимпиадасында күрөш боюнча коло медаль уткан Мээрим Жуманазарова III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, 7 миллион сом акчалай сыйлык жана президенттин колунан Toyota RAF 4 автоунаанын ачкычын алды.

Жуманазарова президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине терең ыраазычылык билдирип, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктап өттү.

Учурда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Олимпиаданын байге ээлерин сыйлоо аземи өтүүдө.

Эске сала кетсек, 3-августта Жуманазарова күрөш боюнча 68 килограмм салмак категориясында Олимпиаданын коло медалын утуп алган. Муну менен ал кыз-келиндер күрөшүнөн Олимпиадада медаль алган алгачкы кыргызстандык балбан болуп калды. Ал болгону 21 жашта.

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү