Айбек NEWSАктуалдууДүйнөгө дүрбү

Миллионердин аялы менен ойноштукка барган министр иштен кол жууду

AibekNur.kg — Улуу Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок жардамчысы экөөнүн жеке мамилесине байланыштуу ызы-чуудан соң отставкага кетти.

Айта кетсек, буга чейин бир нече күн мурда британиялык алдыңкы ЖМКлар министр жардамчысы, миллионердин жубайы Жина Коладанджело менен кучакташып, өбүшүп турган сүрөтүн жарыялашкан. Маалыматка караганда, сүрөт ушул жылдын 6-майында министрликтин имаратында тартылган.

Коомчулукту үй-бүлөлүү адамдын башка аял менен мамиле куруп алгандан тышкары, аны алгач жардамчы, андан соң министрликтин кеңешине мүчө кылып дайындап коюшу кыжырлантууда.

Көп өтпөй оппозиция мүчөлөрү «коронавирус учурунда коомдук жайларда, кызмат ордунда аралыкты сактагыла», ошондой эле «үй-бүлөнү баалап, ой келди, иретсиз сексуалдык байланыштарга барбагыла» деп айтып келген министрдин өзүнүн жоругун бетпактык деп баалап, кызматтан тез арада кол жуушун талап кылышкан.

«Премьер-министр менен жолугуп сүйлөштүм. Азыркыдай кризис учурунда менин жеке жашоом ушунчалык көңүл чордонунда болуп калышын каалаган эмесмин. Үй-бүлөмдөн жана жакындарымдан аларды ушундай абалга калтырганым үчүн кечирим сурайм. Азыр балдарым менен болушум керек. Андыктан отставкага кетүүгө милдеттүүмүн», — деди Хэнкок.

42 жаштагы Мэтт Хэнкок жубайы Мартага 15 жыл мурда үйлөнүп, учурда экөө үч баланын ата-энеси. Министрдин көңүлдөшү 43 жаштагы Жина Коладанджело Oliver Bonas кийим-кече дүкөндөр тармагынын кожоюну Оливер Тресстин жубайы. Алардын дагы үч баласы бар.

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү