Айбек NEWSАктуалдууСаясат

Москвадагы мекендештер Нарматованы кучак толо гүл менен тосуп алышты

AibekNur.kg — Жарандык активист Орозайым Нарматова бүгүн, 11-сентябрда «Манас» аэропортунан Москвага учуп кеткен. Аны Москвадагы мекендештер башына суу тегеретип, ак жоолук салып, кучак толо гүл менен тосуп алышкан.

Айта кетсек, активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткен. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал кармалбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлаган. Ошол эле күнү кечке жуук активист күбө катары суралгандан кийин бошотулганын билдирди.

Активисттин кармалышын бир катар саясатчылар, депутаттар жана жарандык коом сындап чыгышты.Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Убагында президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин эмнегедир анын саясатын кескин сындап, Адахан Мадумаровду колдоп келген. Ал бир канча күн мурда Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келген.

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү