Ак эмгекИнтервью

Наргиза Аширова: Чыгармачылыкты эмес, ишкерликти тандадым, себеби…

Азыркы тапта жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн Аширова Наргиза Абдырахмановна убагында көптөгөн Эл аралык долбоорлого катышып, баш байгелерди жеңип келген. Ооба, Болгария, Прибалтика, Россия, Турция, Казакстан мамлекеттерин багындырган Наргиза өзү тууралуу кеп козгоп, чыгармачылыктын казанында кайнабай, ишкерликке эмне үчүн оогонун түшүндүрүп берди. Анда кеп башынан болсун…

Музыка балалыгымды эске салат

— 1986-жылдын 31-июлунда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөм. №64 мектебинин ак босогосун аттап, мыкты деген баалар менен ийгиликтүү аяктадым. Ата-энем чыгармачыл инсан болгондугуна байланыштуу бала чагыман эле чыгармачылыкка кызыгып өстүм. Ооба, үйгө коноктор келгенде тартынбастан ырдап берчүмүн. 1-класс чагымда «Ак шоола» балдар хоруна кирдим. Балдар хору мага өтө жаккандыктан сабактарды калтырбай катыштым. Бир аз убакыт өткөн соң, балдар хорунун солисткасы болуп эмгектене баштадым. Балалык курагым музыканын коштоосунда өттү десем болот… «Ак Шоола» балдар хорунун солисткасы болуп эмгектенип жүргөн чагымда көптөгөн чыгармаларды аткарып, жогорку ийгиликтерди багынта алдым. Баарын санап олтурбай үстүртөдөн айтсам, Кыргызстандан тышкары Болгария, Прибалтика, Россия, Турция, Казакстан өлкөлөрүндө болуп өткөн конкурстарга катышып, баш байгелерди багындырууга жетиштим. Ал кезде «Жер эне» аттуу чыгарманы гимн катары аткарып, аны менен катар «Настройщик» аттуу чыгарманы жүздөгөн баланын коштоосунда жалгыз аткарууга мүмкүнчүлүк болду. Чыгармачылыктын даамын ооз тийгизип, кичинемден өнөр ааламына аралаштырган, татыктуу тария берип, эрезеге жеткирген ата-энеме баш ийип терең ыраазычылык билдирем.

Ак-Шоола балдар хорунда эмгектенип жүргөн чагы.

Ата-энем менен сыймыктанам

Үй-бүлөдө 3 бир тууганмын. Атам Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Аширов Абдырахман Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филормониясында жана Улуттук Концерваторияда виолончелист жана сейрек адис пианино рояль күүлөгүч болуп эмгектенет. Апам Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасынын» ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, Ат-Башы районунун «Ардактуу атуулу» Гулнара Сыдыкбекова Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филормониясында «Карамолдо Орозов» атындагы академиялык Эл аспаптар оркестринде 35 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Мындан тышкары жеке чыгармачылык менен, тактап айтканда ырчы, кыл кыякчы, ооз комузчу, комузчулук менен алектенет.

Наргиза Аширова ата-энеси, бир туугандары жана балдары менен.

Балдарым менин бактым

Орто мектепти бүткөн соң, чыгармачылыктын маянасы аз болгондугуна байланыштуу башка тармакка кетүүнү туура көрдүм. Ошентип Политех жогорку окуу жайынын Экономика факультетине тапшырып, аны «кызыл диплом» менен аяктадым. Ооба, эл катары үй-бүлө күтүп, Бермет, Аман, Муслима аттуу эки кыз, бир уулдун энеси болууга жетиштим. Учурда кенже кызым Муслима скрипка сабагына катышууда. Келечекте балдарыман кыргыз элинин керегине жарай турган чыгаан, залкар инсандар чыгат деп үмүт кылам. Эненин балага болгон мээрими, сүйүүсү күчтүү болот эмеспи, анынсыңарындай алардын бактысын тилеп жашайм. Балдарым менин бактым, бассам-турсам алар менин ой-санаамда, кыялымда кошо жүрөт. Балдарымды кайра-кайра жытына тойбой кучактап, боорума тарта берем. Алардан өткөн байлыгым да, бакытым да жок экенин билем.

Булак: AibekNur.kg

Наргиза Аширова кызы менен.

2 Комментарийлер

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү