Ак эмгекИнтервьюШоу-бизнес

Наргиза Осмонова: Ар бир аялдын бактысы – жолдошунун колунда!

Белгилүү ырчы, алыпбаруучу, актриса, модель, дизайнер, бир нече сыйлык-наамдардын ээси, бийиктикти багындырган инсан Наргиза Осмонова менен пикир алыштык. Каарманыбыз менен болгон өтө кызыктуу маекти өткөрүп жибербей, соңуна дейре окуп чыгыңыз. Эмесе, алгы сөз алдыда болсун!

«Biyiktik» (Бийиктик) Эл аралык журналы. +996 508 68 50 58

Сыйлыктары:

• “МИССИС КЫРГЫЗСТАН – 2014”;

• “ПЕРВАЯ ВИЦЕ МИССИС КОРЕЛЕВА МИРА – 2014” (Эквадор, Гуаякиль шаары);

• “МИССИС ВСЕЛЕННАЯ – 2016”, “BUSINESS WOMAN” наамы (Кытай, Гуанчжоу шаары);

• “MRS. TOP OF THE WORLD – 2016”, “IV ВИЦЕ МИССИС” жана “Star” наамы (Индия, Нью-Дели шаары);

• Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Ардак грамотасы.» Ушул жана башка көптөгөн сыйлык-наамдардын ээси.

— Наргиза эже, алгач өзүңүз туурасында айтып берсеңиз…

— Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда туулуп өстүм. Үй-бүлөдө беш баланын улуусумун. Атам Осмонов Намат өмүр бою автобазада эмгектенди. Ал эми апам болсо китепканада иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыкты. Кочкор районунда жайгашкан Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектебинде окуп, жемиштүү бүтүрдүм. Аны менен катар музыка окуу жайынын фортепиано бөлүмүндө жети жыл билим алдым. Бала чагыман эле музыканы жакшы көрүп, аны менен жашап өстүм. Мектепте окуп жүргөн чагымда бир да конкурс, кароо-сынактардан калбай катышып, алып баруучу да, ырчы да болуп жүрчүмүн.

— Жакшы экен, а дүйнөлүк сулуулар сынагына кандайча катышып калдыңыз?

— “Сулуулар сынагына катышам” деген нерсе үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Адам өзү сүйгөн иштер менен алек болмоюн ага эргүү келбейт турбайбы. Күнүмдүк оокат өткөн менен адам өзүн толук кандуу бактылуу сезбей, телегейи тең болуп турса да бир нерсеси кем боло берээрин түшүнгөн соң, бала чагымдан бери келе жаткан кыялымды орундатууну чечтим. Андагы кыялым – сахнага чыгуу, өнөр адамы болуу эле. Күндөрдүн биринде эбепке себеп болуп, сулуулар сынагы боюнча жарнаманы көрүп байланышка чыгып, сынактан өтүп катышып калдым. Жолдошум ал учурда чет мамлекетте командировкада болчу. Айдап жүргөн унаамды жарым баасына тез аранын ичинде сатып жиберип, өтө кымбат баалуу эки сахна көйнөгүн алып алдым. Андан соң сахнада өзүн алып жүрүү, дикция, үн, актёрлук чеберчилик боюнча окууга жазылып, вокалдан сабак ала баштадым. Натыйжада гран-при мага буйруп (Миссис кыргызстан – 2014), Түштүк Америкада өтчү “Миссис Корелева Мира” сынагына катышып келүүгө жолдомо утуп алдым. Ал жерден 40 мамлекеттин ичинен “Первая вице Миссис Корелева Мира” титулу буйруду. Өзүмө өзүм ишенбей, кубанычым койнума батпай сүйүнгөн бойдон Бишкекке келдим. Эки жылдан соң кайра Кытайда өткөн “Миссис вселенная – 2016” сынагынан “Business Woman — 2016” наамына арзыдым. Кайра эки айдан соң Индияда 28 мамлекет катышкан “Mrs. Top Of The World – 2016” аттуу сынакта “IV ВИЦЕ МИССИС” жана “Star” наамы менен сыйланып кайттым.

— Азаматсыз, алган сыйлыктарыңыз кут болсун! Ал эми дизайнерликке кантип келип калдыңыз?

— Жеңил өнөр жай тармагында 20 жыл иштеп, элүү машинкалуу цехти жетектеп, андагы тигилген кийимдерди дүң баада экспортко жөнөтүп, күнү-түнү иштеп жүргөн кезде биз иштеген фабрикадагы помещение сатылып кеткендигине байланыштуу бир аз тыныгууну чечтим. Бир жыл бош жүргөн кезимде кыялымды орундатып, Кытай га сынакка барганда ал жердеги элдердин биздин улуттук көйнөгүбүзгө болгон суктануусун көрүп, демек биздин улуттук колоритибизде тигилген кийимдерди дүйнөгө таанытсак болот экен деген ой келди. Ошентип өздүк улуттук саркеч кийимдерди ар түрдүү кооздук менен тигүүгө өтүп, “SANIRABIGA” мода үйүн ачтым.

— Эмне үчүн “Sanirabiga”?

— “Sanirabiga” деп атаганымдын себеби, бул Каныкей апабыздын кыз кезиндеги ысымы. Каныкей апабыз акылман, колунан көөрү төгүлгөн ууз аял болгон. Тойдо улуу кызым Санирабига турмушка чыкканда каалоо-тилек айткан адамдар анын атын так айта албай кыйналышканда, “- Аа кокуй, Каныкей энебиздин өзүнүн аты ушундай экенин көбү билбейт турбайбы” деп аны таанытуу максатында койдум.

— “Sanirabiga” мода үйүнүн кийимдери башкалардыкынан эмнеси менен айырмаланат?

— Баардык кийимдер сапаттуу, мыкты кездемелерден гана тигилет. Ар бир кийимди бирден 0,8 мм кылып шырып чыгабыз да, үлгүсү менен бычып тигебиз. Оюларын индиянын жиптери менен сайып, чеш таштары менен кооздойбуз. Жарашыктуу, заманбап кылып, ошол эле кезеңде улуттук колоритибизди сактайбыз. Ал эми өңдөр боюнча айтсам, ачык түстөргө көбүрөөк басым жасайбыз.

— Ар бир иштин азабы да, жыргалы да болот эмеспи. Анынсыңарындай кыйынчылыктар да болуп турса керек?

— Туура айтасыз, кыйынчылык болбой койбойт. Биз кооздукту жаратабыз, бул нерсени мен сүйгөндүктөн бар-жок көйгөйдүн баарын унутуп, кыйынчылыкты сезбей калам.

— Көз жоосун алган көркөм кийимдерге кандай адамдар атайын буйрутма берип, тиктирип кийишет болду экен?

— Сулуулукту сүйгөн, жакшынакай болуп жүрүүнү каалаган жана патриот адамдар атайын буйрутма берип, тиктирип кийишет. Андан тышкары чыгармачыл инсандар биздин мода үйүбүзгө көп катташат.

— Ар бир ишти баштоодо моралдык жактан да, материалдык жактан да колдоп турган бирөө керек эмеспи, колдоп жүргөн жакын инсаныңыз барбы?

— Менин колдоочум жараткан кудайым. Баардык ийгилик Аллахдан гана келет. Менин ийгилигимди жолдошумдун жана жакындарымдын, устаттарымдын, бирге кызматташкан инсандардын колуна берип, аларды себепчи кылган деп билем. Ооба, жараткан кудайым ал инсанарды жакшы көрүп, ушундай туура болот деп тандап алган. Аялзаты катары айтсам, жолдошу жубайына моралдык жактан жардам берип, колдоп турса баары жакшы болот. “Менин ханышам” деп эркелетип, дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды ак дилден, чын жүрөктөн каалап, сүйүп турган бул — менин жолдошум. Ар бир аялдын бактысы – жолдошунун колунда экенине ынандым.

— Сиздерге бакыт каалайбыз! Айткандай эле үй-бүлөңүз туурасында кеп козгоп өтпөйсүзбү…

— Жолдошум Бакыт токтоо, оор басырыктуу, чечкиндүү адам. Жеке ишкерлик менен алектенет. Ортобузда эки кыз, эки уул неберебиз бар. Улуу неберебиз алтыга толсо, кичүүсү бир жаштан ашып калды. Улуу кызым атасына жакын, үйдүн тышын да, ичин да мыкты кылат. Кичүү кызым болсо мени тартып, чыгармачылыкка көбүрөөк ыктайт. Экөөбүз кооздукту жаратканды жакшы көрөбүз (күлүп).

— Бийиктикке кандай адамдар жетет?

— Бийиктикке жетүүдө кандай гана кыйынчылыктар болбосун эч багынбагыла деп айтаар элем! Бийиктик – ийгиликтин туу чокусу. Кээ бир адамдар акчасыз эч нерсе жасашпайт, кылышпайт. Жок, бекер кызмат көрсөтсөң да жардам бер! Мунун бир чети жакшылык болсо, бир чети тажрыйба болот. Кыргыз элинде айтылгандай, “Кылганың бирөө үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн”. Ошол тажрыйбанын артынан зор ийгилик жаратасың. Кээ бирөө кыйынчылыкка чыдабай “болбойт экен” деп кол шилтеп басып кетишет. Жолго чыктыңбы, демек белгиленген жерге жетишиң керек. Анан да айта кетчү нерсе, кайсы кесип болбосун – сүйүп, берилип иштеш керек. Эгер ал кесибиңди жактырбасаң, ийгилик жарата албайсың. Жакшысы өзүңө жакканды тандооң кажет.

— Алдыга койгон пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз!

— Кудайым буйруса, келечекте тарбиялык мааниси зор, адамдын рухун көтөрө турган кино тартуу планымда бар. Азыркы тапта режиссерлук, продюссерлик жааттан да билим алып, аны менен катар тажрыйба топтоп жүргөн чагым.

— Куруп берген кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Тилектериңиз орундалып, ар дайым бийиктикте жүрө бериңиз!

Булак: AibekNur.kg

Наргиза Осмонованын “SANIRABIGA” мода үйүнө кош келиңиз!

E-mail: nargizaosmonova1@mail.ru

Tel.: +996 702 100 175

Инстаграм: osmonovanargiza

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү