Айбек NEWSАктуалдууСаясат

Орозайым Нарматова: Чындыкты айтуу — менин бийлигим!

AibekNur.kg —  Буга чейин бийликке катуу сын айтып келе жаткан Орозайым Нарматова аттуу жаран «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттангандыгын кабарлаганбыз. Эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алгачкы үгүт иштерин Нарындан башташмакчы. Бул тууралуу Нарматова интернет баракчасы аркылуу билдирди.

«Алгачкы жолугушуубуз Нарындан башталат. Үгүт ишинин мага жагымдуусу жалпы республиканы көрүп, журтташтар менен жолукканыбыз болууда. Буйруса, түз эфирлерде жолугушабыз.

Достор, кайсы бийлик болбосун ага кошомат кылып, жагынып, кызматка баруу же акча иштеп алуу оңой, бирок чындыкты айтып, боткону чалган бийлик турганда мамлекеттик машина менен күрөшүү кыйын. Мага окшогон акчасы жок, байлыгына чиренген туугандары жок, бийлиги бар жакындары жок кыз балага, болгондо дагы аялзатына өтө оор. Менин айткым келгени чындыкка ишенген, көкүрөгү менен акыйкаттыкты билип турган элим — менин байлыгым… чындыкты айтуу — менин бийлигим. Андыктан кайратымдан кайтпаймын! Колдоочум Жараткан болсун!» — деп жазган.

Эске сала кетсек, Орозайым Нарматованы ушул жылы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткен. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал кармалбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлаган. Ошол эле күнү кечке жуук активист күбө катары суралгандан кийин бошотулганын маалымдашкан.

Эртеси 11-сентябрь күнү «Манас» аэропортунан Москвага учуп кеткен. Аны Москвадагы жакындары башына суу тегеретип, ак жоолук салып, гүл менен тосуп алышкан.

Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо да «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Ал убагында президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин эмнегедир анын саясатын кескин сындап, Адахан Мадумаровду колдоп келген.

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү