АктуалдууТагдыр

Салтанат: Апама кантип айтаарымды билбей жүрөм…

Биздин AibekNur.kg маалымат порталыбыздын email дарегине Салтанат аттуу окурманыбыз кат жолдоду. Анда кетирген кемчилигин апасына кантип айтаарын билбей жүргөнү жазылат. Салтанатка болгон кеп-кеңешиңизди комментарийге калтырсаңыз болот.

Эгер сиздин да жан адамга айтпаган сырыңыз болсо, аны ким бирөө менен бөлүшө албасаңыз, бирок ушундай бирөөгө айтып жеңилдеп алууну кааласаңыз, анда nurlanov.ai@mail.ru почта дарегине кат жазыңыз. Сиздин кат текшерилип, оңдоп-түзөлгөндөн кийин жарыяланат жана анонимдүүлүк сакталат!

AibekNur.kg — Атам мен эс тарта элек кезимде эле катуу оорудан улам дүйнө салып кетиптир. Мени апам жалгыз тарбиялап, өстүрдү. Билем, мени багам деп көп кыйынчылык көрдү, азап тартты.

Мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайга бюджеттик негизде тапшырдым. Студенттик күндөрүм башталганында «Апамдын мойнуна минип жүрө бербейин, кийим-кечемдин, баскан-турганымдын акчасын өзүм табайын» деп кечкисин ресторанга жумушка орноштум. Апам мени иштеткиси келбей көп жолу тоскоол болуп, урушуп жүрдү. Акыры «Бул көк бет айтканынан кайтпайт» дедиби, айтор, көндү.

Ошол жерден Адил аттуу жигит менен тааныштым. Өзү ыймандуу, жакшынакай жигит. Көп өтпөй эле бири-бирибизге болгон сезимибизди ачыктап, кыз-жигит болуп жүрүп калдык. Экөөбүз тең официант болуп иштейбиз. Андан бери үч жыл өттү. Дагы деле ошол ресторанда жүрөбүз.

Жигитим жакында эле кийинки күздө үй-бүлө куруу сунушун киргизди. Мен макул болдум. Бирок апама кантип айтаарымды билбей жүрөм. Себеби, апам буга каршы чыгаарын билем. Ал мени өзү тааныган бай курбусунун уулуна берүүнү көздөп жүрөт. А Адил болсо… Адил болсо балдар үйүндө өскөн томолой жетим жигит.

Апама кантип айтып, кантип көндүрүп, кантип Адилге турмушка чыга алам? Жактырган адамым балдар үйүндө өсүп, томолой жетим болсо деле бактылуу боло аламынбы?

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү