Айбек NEWSАктуалдуу

Сатуучуну калькулятор менен чапкан киши коё берилди

AibekNur.kg — Баш калаадагы соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен чапкан кишиге козголгон кылмыш иши токтотулгандыгын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан маалымдашты.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жабырлануучу кылмыш ишин токтотуу боюнча өтүнгөн. Сот тараптардын элдешкенин эске алуу менен кылмыш ишин токтотуу чечимин кабыл алды», — деп айтылат билдирүүдө.

Сот отуруму 29-октябрда болуп, шектүү камактан бошотулган.

Болуп өткөн окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган. Милиция чыр салган киши 29 жаштагы А.А. экенин аныктап, Октябрь РИИБинин жорук иштери боюнча бөлүмүнө алып келген.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган болчу.

5-август күнү УКМК мас киши В.Г. аттуу сатуучудан кыргыз тилинде сүйлөп тейлөөнү талап кылганын айтып, адамдарды терисинин өңүнө, расасына, туткан динине карап бөлүп, кадыр-баркына шек келтиргендер кылмыш жазасына тартыларын белгилеген.

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү