АктуалдууИнтервьюМода

Сауле Султанбекова, модель: Азыр башка адаммын

AibekNur.kg — Dumanaev Models мода агенттигинде окуп, эмгектенип келе жаткан Сауле менен азыноолак пикир алыштык.

Сауле, канча убакыттан бери модель болуп иштеп келе жатасыз?

— Мен модель болуп ишегениме бир жылдан ашып калды.

Модель болгондон тарта, жашооңузда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болдубу?

— Ооба, мен мурун түнт, анчейин оңой менен ачылып сырдаша бербеген адам элем, азыр өзүмдү башка адаммын десем жаңылышпайм. Моделдик кесип бир гана стилдүү кийинүүнү, туура тамактанууну, түз басууну жана сулуу болуп жүрүүнү эмес, чоочун адамдар менен таанышууну, алар менен эски тааныштай ачылып сүйлөшүүнү үйрөттү. Айткандай эле, жаңы досторду да таптым.

Модель болууга эмне түрткү болду?

— Бала чагымда сыналгыдан моделдик конкурстарды көрүп, болочокто модель болуу кыялы пайда болгон. Апама айтып, анан бул моделдик агенттикке келдик.

Жакшы экен, айында канча съемкага барасыз?

— Ар кандай, бир айда 7-8 жолу барам.

Бир күндүк күнүңүз кандай өтөт?

— Эртең менен туруп, тамактанып, онлайн форматында сабак окуйм. Сабактан кийин съемкаларга катышып, кечинде үй тапшырмаларын аткарам.

Бул тармактан башка дагы эмнеге кызыгасыз?

— Чет тилдерди үйрөнгөндү жакшы көрөм. Жакшы модель ар түркүн тилде эркин сүйлөөсү абзел деп билем. Ошондуктан, азыркы тапта чет тилден жеке сабак алып жаткан учурум.

Маегиңиз үчүн ырахмат. Ийгилик каалайбыз!

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү