АктуалдууИнтервьюМода

Таңсулуу Абасова: Башында досторум “Эми сен моделсиңда” деп шакаба чегишчү, а азыр…

AibekNur.kg — Dumanaev Models мода агенттигинде окуп, эмгектенип келе жаткан Таңсулуу менен азыноолак кеп курдук. Эмесе, маекке көңүл буралы.

Таңсулуу, мода тармагына канча жашыңызда келдиниз?

— Кичине кезимден бери моделингге абдан кызыгам. Мода тармагына сегиз жашымдан бери аралашып келе жатам.

— Мага модель болуу абдан жагат.

Моделдик менен алектенүү сиздин окууңузга тоскоол болбойбу?

— Чынын айтсам, бир аз тоскоол болушу мүмкүн. Бирок анткен менен окууну бирдей алып кете алам. Эгер убакытты туура бөлүштүрсөк, баарына жетишүүгө мүмкүн.

Модель болуу жашооңузга кандай таасир берди?

— Бир гана оң таасирин тийгизди десем жаңылышпайм. Туура басканды, стилдүү кийинүүнү, адамдар менен тил табышууну жана сулуулугумду баса белгилеп көрсөтүүнү үйрөндүм. Аны менен катар жаңы тааныштары, жаңы досторду таптым.

— Башында досторум “Эми сен моделсиңда” — деп тамашалап, шакаба чегип калышчу. Азыр мени көбү колдойт.

Башында моделдикке баары кызыгып, бирок кийин башка тармакка кетип калышат. А сизде кандай план?

— “Башка тармакка кетсем да, моделдикти таштабайм” деген ойлорум бар. Келечекте эң мыкты моделдердин бири болууга аракет кылам.

Жакшы экен, а чыныгы модель кандай сапаттарга ээ болушу керек?

— Чыныгы модель камеранын алдында сүрдөбөстөн, тартынбастан сезимтал сүрөттөрдү чыгарууну билиши керек. Анан албетте, адептүү болуу менен келбетине кам көрүп, бою узун болуусу абзел деп билем.

Булак: AibekNur.kg

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү