Айбек NEWSАк эмгекАктуалдууИлимТаржымал

Тоо койнундагы караңгы элдин сабатсыздыгын жойгон Осмон агай

Эскертүү: Макала «Эмгегим эл үчүн» тарыхый энциклопедиясынан алынды! Макаланы шилтемесиз колдонууга тыюу салынат! Баардык укуктар корголгон!

AibekNur.kg —  Республиканын ардактуу ардагери,  карыя мугалимдердин бири,  мамлекеттик маанидеги персоналдык  пенсионер Айбашов Осмон 1898-жылы Тянь-Шань облусунун Кочкор районундагы Шамшы айылында жарык дүйнөгө келген. Бой жеткенче ата-энесинин колунда тарбия алган. Бала чагынан зээндүү, окууга дилгир болгондуктан ошол мезгилдеги молдолордон кат таанып, билим алган.

1920-жылы айыл-кыштактардагы элдин сабатсыздыгын жоюу боюнча Пишпек шаарындагы мугалимдердин курсун окуп келип,  1921-жылы  эмгек жолун өз айылынан баштаган. Ал мезгилде эл чар жайыт жайгашып, Шамшы, Кашат, Көлтөр чакан айылдарынан турган. Ошол кездеги катаал шарттарга каршы туруп, Шамшы, Кашат, Көлтөр айылдарында алгачкы мектептерди курууга,  уюштурууга зор салымын кошкон. Ооба, тоо койнундагы караңгы элдин сабатсыздыгын жоюу үчүн балдарды чогултуп, окууга тартып, аларга билим-тарбия берүүдөгү эбегейсиз эмгеги менен Кыргыз мамлекетиндеги эң алгачкы  эл агартуу ишин баштоочулардын бири болуп саналат.

1921-1928-жылдары Кочкор районунун Көлтөр айылындагы башталгыч мектебинде директор;

1926-жылы Шамшы айылындагы  Кара-Суу башталгыч мектебинде мугалим;

1929-жылы Кочкор районунун Ак –Учук орто мектебинде директор;

1930-жылы Кочкор районундагы Кум-Дөбө орто мектебинде директор;

1931-1937-жылдары Сталин райондук эл агартуу бөлүмүндө инспектор;

1933-1934-жылдары Шамшы айылындагы Кара-Суу мектебинде директор;

1935-1943-жылдары Кочкор районунун Кашат селсоветине караштуу Кашат толук эмес орто мектебинде директор;

1939-1940-жылдары Кочкор райондук Элге Билим берүү бөлүмүндө  инспектор жана башталгыч мектептер боюнча бөлүм башчысы;

1942-1943-жылдары Улуу Ата-Мекендик согуштун оор күндөрүндө мектептен тышкары колхоздун өндүрүшүндө да эсепчи  (бухгалтер) болуп эмгектенген.

Ал эми1943-1944-жылдарда Кочкор районундагы «Шамшы» колхозунун башкармасынын председатели болуп иштеп, согуш мезгилиндеги оор түйшүктү тарткан.

1944-1945-жылдары Кашат толук эмес орто мектебинде, 1945-1948-жылдары Чолпон районунун Ак -Чий  7 жылдык мектебинде, 1948-1951-жылдары Көлтөр айылындагы Көлтөр мектебинде, 1951-1958-жылдары болсо Шамшы колхозунун Кашат  7 жылдык мектебинде директор болуп кызмат өтөгөн.

Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынан кийин мектептерди уюштурууга, элдин сабатсыздыгын жоюуга, жаш муундарды окутуп, тарбиялоого зор салымын кошкон алгачкы кызыл мугалимдердин бири катары таанылган. Ошол эле учурда колхоздорду уюштуруп, саясий иштерге активдүү катышып, Улуу Ата-Мекендик согуштун оор жылдарында тылдагы кайратман эмгегин жана  эл агартуу майданында жасаган иштерин өкмөт жогору балаган.

1938-жылдан тарта КПССтин мүчөсүнө кабыл алынып,  эл агартуу тармагында эмгек кылган отличник  мугалимдердин катарында баалуу сыйлыктар менен сыйланган.

1939-жылы Москва шаарындагы бүткүл союздук айыл-чарба көргөзмөсүнө делегат болгон. 1945-жылы Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарындагы күжүрмөн эмгеги үчүн  СССР Жогорку Советинин Президиумунун медалы,  1948-жылы  Эмгек Кызыл Туу ордени,  1949-жылы  «Ардак белгиси»  ордени, 1952-жылы Ленин ордени, 1976-жылы  СССР  Жогорку Советинин Президиумунун  «Эмгек ветераны» медалы, СССР  Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы ушул ж.б. көптөгөн грамоталар, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Осмон Айбашов өмүрүнүн көп жылдарын эл агартуу ишине арнап ардактуу эс алууга чыккандан кийин да мектеп окуучуларына, жаш муундарга өзүнүн тарбия-таалим, насаат иштерин жүргүзүп келген.

1978-жылы 8-июнда 80 жаш курагында элдин ардактуу асыл уулу Осмон Айбашов дүйнөдөн кайткан. Осмон Айбашов ишине терең берилген,  ак көңүл, мээримдүү тарбиячы жана өлкөгө өмүрүн арнаган алгачкы эл агартуучу катары элдин эсинде калды. Анын ысымы Кочкор районунун Шамшы айылындагы Шамшы ортомектебине берилген. Аты аталган мектеп учурда «Осмон Айбашов атындагы орто мектеби» деп аталат.

Булак: «Эмгегим эл үчүн» тарыхый энциклопедиясы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү