АктуалдууТаржымал

Уланбек Эгизбаевдин өмүр таржымалы

Эскертүү: Макала «Эмгегим эл үчүн» тарыхый энциклопедиясынан алынды! Макаланы шилтемесиз колдонууга тыюу салынат! Баардык укуктар корголгон!

AibekNur.kg — Кыргыз журналистикасынын тарыхына өчпөгөн изин калтырган айтылуу чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Нарын облусунун Кочкор районунда жарыкка келген.

Орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, 2013-жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратурасын бүтүргөн.

2012-жылдан тарта республикалык, коомдук-саясий «Агым» гезитинде кабарчы, 2014-жылдан тарта «Азаттык» радиосунун кабарчысы, соңку жылдары «Ыңгайсыз суроолор» телепрограммасында иликтөөлөрдү жасап келген.

2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

2018-жылы жазуучу Кален Сыдыкованын «Алтын калем» сыйлыгына татыктуу болгон.

Кыргыз журналистикасы нукура кесипкөй нукка түшсө, анын коомду тазартуучу, элди ойготуучу даремети канчалык толук ачыларын эң сонун далилдеген журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда күтүүсүздөн каза болгон эле…

Суук кабардын жүрөктү үшүткөн шоораты тоо аралай тарап, шаардын аптаптуу көчөлөрүнө, кабат-кабат тамдарына жеткенде, чак түштө жаркырап тийип турган күн тутулуп, капкараңгы кирчүдөй туюлуп, ушул ирет жаңылыш болгой эле бул кабар, “көлгө чөккөнү чын болсо да аман калса экен, тирүү калса экен” деп миңдеген кыргызстандык кудайлап, саат сайын, мүнөт сайын Ысык-Көл тарапка кулак түрүп, жакшылыктан үмүт үзгүсү келбей турган күн бүгүнкүдөй эсибизде… Ооба, Уланбек Эгизбаевдин катардан бөлүнүп, оо дүйнөгө узашы бүтүндөй кыргызстандыктарды кайгыга салып, көз жашка муунтту. Анын дүйнөдөн кайтышы өзгөчө ата-энесинин, жубайы менен курсакта калган наристесинин, жакындарынын өзөгүн өрттөп, өкүткө салды.

Уланбек Эгизбаев Кыргыз тарыхында  “даңазалуу журналист” катары жазылып да, айтылып да калды. Маркум журналисттин атынан сыйлык уюштурулуп, жыл сайын мыкты журналисттерге берилип келет.

Мындан тышкары, “Уланбек Эгизбаев атындагы коомдук жаштар бирикмеси” негизделип, жаштар тарабынан бир катар алгылыктуу иштер жасалууда.

Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган “Чындык деп жанган өмүр” аттуу китеп кыргыз жана орус тилдеринде “Азаттык Медиа” мекемесинин демилгеси жана “Сорос — Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу менен жарык көргөн. Бул китепте анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилген.

Мурунку президент Сооронбай Жээбеков Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы менен сыйлап, аны ата-энесине салтанаттуу тапшырган.

Ооба, даңазалуу журналист Уланбек Эгизбаевдин кыргыз элине кылган эмгеги эбегейсиз зор. Анын жолун жаштар тыным алдырбай улап кете бермекчи.

Булак: «Эмгегим эл үчүн» тарыхый энциклопедиясы

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү