АктуалдууИнтервьюШоу-бизнес

Залина Касымова: Кыл кыяк экөөбүздүн арманыбыз калган жок

9 жашынан кыл кыякты созолонто ойноп, анын жагымдуу ыргактарын обого серпип, уккан жандын көңүлүн бурган белгилүү музыкант Залина Касымова менен маек курдук. Эмесе, кеп башынан болсун.

— Залина, кыл кыякты качан ойноп баштагансыз?

— Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектепте тогуз жашыман баштап билим ала баштап, кыл кыякты өздөштүрдүм. Андан соң Кыргыз Улуттук Концерваториясында ушул бөлүмдө жогорку билим алдым.  Айтор, окуу боюнча кыл кыяк экөөбүздүн арманыбыз калган жок, дагы да болсо окуп жатабыз. Албетте, ар бир чыгармачыл инсанда биринчиден талант болуш керек, бирок тажрыйбалуу музыкант болуш үчүн кичинекей кезден баштап билим алуу кажет.

— Алгачкы жолу сахнага качан чыктыңыз?

— Эсимде, 4-классты бүтүп жатканымда алгачкы ирет сахнага кыяк ойноп чыккам. Абдан толкунданып, сүрдөгөн элем. Ойноп бүткөндөн кийин абдан сонун сезимдер болгон.  Андан кийин ошол эле мектепте окуп жүргөн чагымда “Мээрим” фонду уюштурган “Жаш таланттар” сынагына катышып, баш калаада жайгашкан Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын сахнасына чыккам. Ал эми Эл аралык сахнага 2005-жылы Астана калаасында болуп өткөн “Шабыт” кароо сынагына катышып, ошол жактан чыктым. Ал жактан Телеп Аспантай атындагы сыйлыкты утуп алгам. Кудайга шүгүр, андан кийинки жолум байсалдуу кетти.

— Чет элдиктер кыл кыяктын тилин түшүнөөр бекен?

— Музыкада — тил жок. Дегеним, музыканы тилсиз эле түшүнсө болот. Жүрөктөн чыккан чыгарманы жүрөккө жеткире аласың.

— Жакшы экен, айткандай эле жеке чыгармачылык менен катар филармонияда да эмгектенет белеңиз?

— Ооба, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда солист болуп эмгектенем. Мындан тышкары, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим болуп иштейм. Мамлекеттик мекемеде музыканы жайылтууга жана өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн айлык азына карабай иштеп жатам. Жан дүйнөң менен берилип иштесең, маяна көйгөй деле болбойт.

AibekNur.kg

— Өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?

— “Кечээ аябай бактылуу болдум, бүгүн бактысызмын” деп айта албайм. Мен айтат элем, ар бир аткан таңды көрүү — чоң бакыт. Албетте, күнүмдүк жашоодо бактылуу мүнөттөр көп болот. Ар бир мүнөттү бактылуу кылуу өзүбүздүн колубузда.

Булак: AibekNur.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Окшош макалалар

Кнопка «Наверх»
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү