Тагдыр

Жан, сен үчүн дүйнөгө өрт коём. А апам үчүн сени да өрттөп коём…

Биздин дарекке ар түрдүү кайрылуулар түшүп турат. Окурмандарыбыз сагынычтуу саламын, кусалыгын, ичте толгон арманын, сүйүүсүн, кубанычын, бактысын ачык айтып, биз менен бөлүшүп келишет. Жалал-Абад шаарынын тургуну Айдардын бизге жазган катын бөлүшүүнү туура көрдүк.

AibekNur.kg – Жазгүл экөөбүз көп жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келдик. Кудайым буйруса, жазында турмуш жолуна бирге аттанып, бир чакан мамлекет курабыз деп турабыз.

Жазгүл экөөбүздүн алдыбызга койгон зор максаттарыбыз бар. Ооба, ал ортодо көп балалуу болгубуз келет. Ата-энебизди колдон келишинче сыйлап, урматтоо биринчи максатыбыз. Ырас, ансыз деле сыйлайбыз деңизчи.

Азыртадан анын кулагына биринчи орунда ата-энем тураарын куюп жатам. Эртең «тыдың-пыдың» дегениңди укпайын дейм. Ал да тамашалап, «Бир кайната-кайненемди алдап-соолап батасын ала албасам келиндигим кайсы» деп күлүп калат. Анан мен «Жан, сен үчүн дүйнөгө өрт коём. А апам үчүн сени да өрттөп коём» деп коём. Ал каткырып, «мейли, баарына макулмун шеп» деп кутулат. Айтор, өтө бактылуу жанбыз. Минтип аны тамашалаганым эле болбосо, аялзатын катуу сыйлайм. Ал мага, мен ага ишенем. Буйруса, бактылуу болобуз. Бизге бакыт тилеп коюңуздар!

Айдар, Жалал-Абад шаары.

Булак: AibekNur.kg

Сиздин да жан адамга айтпаган сырыңыз болсо, аны ким бирөө менен бөлүшө албасаңыз, бирок ушундай бирөөгө айтып жеңилдеп алууну кааласаңыз, анда nurlanov.ai@mail.ru почта дарегине кат жазыңыз. Сиздин кат текшерилип, оңдоп-түзөлгөндөн кийин жарыяланат.

Көбүрөөк көрсөтүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»

Арыбаңыз!

Сурооңуз болсо, телеграмм аркылуу же nurlanov.ai@mail.ru дареги аркылуу байланышыңыз!

Сизге кандай жардам бере алам?
×

Биздин email дарегибизге кат жолдосоңуз болот: nurlanov.ai@mail.ru

СИЗДИН РЕКЛАМАНЫ БИР КҮН ИЧИНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АДАМ КӨРӨТ!

× Реклама берүү